Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Улуттук борбор Таластагы убактылуу кармоочу жай талапка жооп бербей турганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Талас облусундагы кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайды текшерип, андагы начар шарттарды аныктады. Бул тууралуу аталган борбор кабарлады.

"Камактагылар нымдуулукка, кир төшөнчүлөргө, керебеттердин жана жууркан-төшөктүн жоктугуна даттанышкан. Текшерүүгө барган кезде убактылуу кармоочу жайда кармалгандар жана иштегендер үчүн жуунучу бөлмө иштебей турган. Кафелдер сынып, крандары жулунган. Колго жасалган суу жылыткычтар техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербейт. Санитардык бөлмөлөр антисанитардык абалда", - деген тыянак чыгарган.

Мындай шарттар "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" 2007-жылдын 25-июнунда кабыл алынган мыйзамды бузуу болуп саналарын аталган борбор эскертет.

Бул мыйзамга ылайык, шектүүлөр жана айыпталуучуларга жеке уктоочу төшөнчү, шейшептер берилиши керек, тазалык нормалары сакталууга тийиш. Кыйноолордун алдын алуу борбору Талас облусундагы жабык жайда адам укугу одоно бузулуп, адамдын кадыр-баркын басмырлоочу мамиле болуп жатканын маалымдады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Талас облустук прокуратурасына быйыл 14-апрелде эле кат жиберилген. Бирок убактылуу кармоочу жайдагы абал өзгөрүүсүз калганы айтылууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. (BCh)

XS
SM
MD
LG