Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Президенттик шайлоонун алдында "Азаттыктын" өзбек кызматына коркутуулар күч алды


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын кызматкерлери соңку күндөрү Интернетте ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болуп жатышат. 16-октябрда "Озодлик" радиосунун Телеграм-каналына жарым сааттын ичинде ондогон коркутуулар түшкөн. Алар порнографиялык элементтер менен коштолуп, өлтүрүп кетүү, сексуалдык зомбулук көрсөтүү коркутуулары камтылган. Ошондой эле, радионун кызматкерлеринин жана алардын жакындарынын беделине доо кетирген ыплас сөздөр жазылган.

Бул коркутуулардын көбү анонимдүү аккаунттардан түшкөн. Анткен менен "Озоди" радиосу коркутуп-үркүтүүлөрдүн айрымдарын өкмөттүн саясатын пропагандалаган колдонуучулар жазышканын аныктаган.

"Эркин Европа/ Азаттык" медиакорпорациянын президенти Жейми Флай бул коркутууларды "жийиркеничтүү" деп атап, өзбек бийлигин көз карандысыз медиаларды коркутуп-үркүтүү тактикасын токтотууга чакырды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзүн демократиялык реформатор катары көрсөткүсү келет. Анткен менен 24-октябрда өтчү президенттик шайлоону утурлай өлкөдө блогерлерге, журналисттерге жана активисттерге чабуулдар күчөдү.

"Озодлик" радиосу Өзбекстанда бир нече жолу узак убакытка бөгөттөлгөн. Ал эми 2005-жылы Өзбекстанда "Озодлик" жана Би-би-си радиолорунун жергиликтүү бөлүмдөрү жабылган.

2021-жылы "Чек арасыз кабарчылар" уюму чыгарган пресса эркиндигинин рейтингинде Өзбекстан 180 мамлекеттин ичинен 157-тепкичке жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG