Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Сасык тумоодон улам Бишкекте бейтапканалар дем алыш күндөрү да иштейт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Балдар арасында сасык тумоо күчөгөндүктөн Бишкектеги бейтапканалар (поликлиника) дем алыш күндөрү да иштейт. Мэриядан кабарлашкандай, медициналык кароо жүргүзгөн мекемелер ишемби, жекшемби эс алууда болгондуктан, балдар ооруканаларына кайрылгандар көбөйүп кеткен.

Ушундан улам шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы ишемби күндөрү 08:00-18:00гө чейин, жекшембиде 08:00-14:00гө чейин бейтапканалардын дарыгерлерине иштөө буйругун чыгарды.

Акыркы убакта Бишкек шаарында чүчкүргөн, жөтөлгөн жана сасык тумоонун башка белгилерине кабылгандар көбөйгөн. Мындан улам ооруканаларда кезек күткөндөр арбын болуп жатканы, балдарын бейтапканага алып келген ата-энелердин видеолору интернетте байма-бай жарыяланып жатат.

Оорулардын алдын алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунун маалыматына караганда, учурда тумоологондордун 94% 14 жашка чейинкилер болууда.

Бишкек шаарында жыл башынан бери жарандардын курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциясына (ОРВИ) кабылган 52 миң 86 учур катталды. Расмий эсепте, алардын 32 миңдейи балдар. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG