Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 97-орунда. Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. Аялдардын абалы боюнча изилдөөнү Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору ишке ашырган.
WPS индекси боюнча Финляндия, Норвегия, Дания менен Люксембург аялдар үчүн эң коопсуз, Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак абдан кооптуу өлкө болду.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда Казакстан турат, андан соң Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп, акыркы сапта Кыргызстан орун алган.
Аталган индекс COVID-19 маалындагы аялдардын коомдогу, эмгек рыногундагы ордун, саясаттагы абалын, социалдык коопсуздугун изилдеген кеңири маалыматты таркатты. Кыргызстанда 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук 65% жогорулаганын эл аралык уюмдар маалымдаган.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.
Жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан кыз-келиндер көз жумган бир нече учур катталды. 2020-жылы 21 аял көз жумган. (BCh)