Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Сот депутат Ибраевди карызын төлөөгө милдеттендирди


Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев. Коллаж.
Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев. Коллаж.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевди “Керемет банкка” карызын төлөөнү милдеттендирди. Банк менен 2020-жылдан бери соттошуп келе жаткан депутат бул чарбалык иш экенин айтып жатат.

Андан тышкары Ибраевдердин үй-бүлөсүнө акчасын алдатып жибергенин билдирип, ондогон кишилер пикет өткөрүп, бийликке кайрылышты. Саматбек Ибраевдин ысымы акыркы кездерде Финтех (Финансылык технологиялар) түшүнүгүн киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбооруна байланыштуу көп аталып жүрөт.

Депутаттын “Керемет банкка” карызы

Бишкек шаардык соту ушул жылдын 18-октябрында Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевди “Керемет банктан” алган насыясынын карызын төлөөнү милдеттендирген чечим чыгарды.

Шаардык соттун маалыматына караганда, Бишкектин Октябрь райондук соту 2020-жылдын 12-ноябрында Саматбек Ибраевден 2 миллион 48 миң 430 сом карызды өндүрүү боюнча “Керемет банктын” арызын карап, канааттандырган. Бул чечимге каршы Ибраев шаардык сотко кайрылган. Жыйынтыгында Бишкек шаардык соту депутатты “Керемет банкка” 2 миллион 48 миң 430 сом карызды төлөөгө милдеттендирген Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Саматбек Ибраев банктан качан жана канча насыя алганы тууралуу маалымат жок. “Керемет банк” кардары менен болгон соттук иш боюнча комментарий жана алынган насыяга байланыштуу маалымат бере албай турганын билдирди.

Депутат өзү болсо муну чарбалык иш катары баалап, “Азаттыкка” шаардык соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга арыздарын айтты. Бирок ал да насыянын чоо-жайын айтып берүүдөн баш тартты.

Саматбек Ибраев.
Саматбек Ибраев.

“Бул чарбалык иш. Бул боюнча “Керемет банк” менен талаштуу иш бар. Башка эч нерсе деле жок. Алар өздөрү туура эмес иштерди кылып коюшкан. Чечим да туура эмес чыккан. Эми аны адвокаттар да сүйлөшүп жатат. Кийинки инстанцияга кайрылабыз. Эми чарбалык ишти да чукуп чыгып атасыңарбы? Бул насыя катары катталган. Картадан бир нерсе болуп туура эмес нерселер болуп калган. Пайыздар туура эмес бөлүнүп, ошондон кийин талаш болгон”.

2019-жылы “Россия инвестициялык банкы” (“Росинбанк”) “Керемет банк” деген аталыш менен Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн. Бүгүнкү күнү “Керемет банктын” 97,45% үлүшү Улуттук банкка таандык.

Ибраевдерге айтылган доомат

Саматбек Ибраевдин каржыга байланышкан чыры “Керемет банкта” эле эмес. Ушул күндөрү ондогон адамдар депутаттын үй-бүлөсүнөн аласасы бар экенин айтып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу укук коргоо органдары менен бийликке кайрылды.

Алардын бир бөлүгү 4-октябрда Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышкан. Парламенттин имаратынын алдына чогулгандар колдоруна “Ибраев Саматбек, акчабызды кайрып бер!”, “Президент мырза, жардам бериңиз!” деген плакаттары көтөрүп алышкан. Алардын бири Нияз Эрдолатов:

“Биздин максатыбыз бул маселеге тиешелүү мамлекеттик органдардын жана президенттин көңүлүн буруу. Эки жылдан бери Саматбек Ибраевден акчабызды ала албай келатабыз. Ал болсо бардык нерсени баласына шылтап коюп жүрөт. Ибраевдер ушул жерге чыккандарга 35 миллион доллардай карыз. Пикетке чыккандар интернетте жазылып аткандай эч кандай троллдор эмес, жабыр тарткан адамдар. Эки жылдан бери анын “акчаны ана кайтарам, мына кайтарам” деген жомогун угуп келатабыз. Аласасы барлар сотко да кайрылган. Эки жылдан бери соттон да жыйынтык чыга элек. Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук комитетке, бардык жерге арыз жазганбыз. Президент Садыр Жапаровго да кайрылам. Мен Саматбек Ибраевди анын уулу Данияр Ибраев аркылуу тааныгам. Данияр Ибраев “Строймир” деген компаниянын директору болчу. Менин атам ооруп дары үчүн эле айына 50 миң доллардай каражат керек болуп калды. Данияр Ибраев “сен акчаңды темир алууга салсаң, киреше таап дарыга акча чыгарып турасың” деди. Бирок 2019-жылы атам каза болду. Мен Данияр Ибраевден акчамды берүүнү талап кылсам, ал ошол бойдон жок болуп кетти. Атасы эки жылдан бери карызды берем деп эле келатат”.

Депутат Саматбек Ибраевга нааразы болуп митингге чыккандар. 4-октябрь, 2021-жыл.
Депутат Саматбек Ибраевга нааразы болуп митингге чыккандар. 4-октябрь, 2021-жыл.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 2020-жылы сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин уулу Данияр Ибраевдин үстүнөн арыз менен бир нече курулуш компаниясынын өкүлдөрү кайрылганын билдирген. Милициянын маалыматы боюнча, "Ибраев жети курулуш компаниясын 507,3 миллиондон ашуун сомго алдап кеткен" деп шек саналууда.

Жети эпизод тең Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 2019-жылы 24-декабрда Ибраевге иш тууралуу сырттан маалымат берилип, ошол эле күнү Свердлов райондук соту Данияр Ибраевди камакка алууну чечкен. 26-декабрда ага эл аралык издөө жарыяланган.

Интерполдун көмөгү менен жүргүзүлгөн издөөнүн натыйжасында былтыр 28-февралда шектүү Болгариянын баш калаасы Софияда кармалган. Болгариянын маалымат каражаттары ал кармалгандан кийин үй камагына чыгарылганын, Болгарияда туруктуу жашай турган жери бар экендиги тууралуу маалыматты сотко көрсөткөнүн жазышкан. Ал болгар бийлигинен качкын макамын сурап кайрылганы да кабарланган.

Данияр Ибраевге козголгон кылмыш иши боюнча соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергөөнүн купуялуулугу деген жүйө менен анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген жок.

“Данияр Ибраевди Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Азырынча жыйынтык жок. Бирок иш жүргүзүлүп жатат”, - деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, “Строймир” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Иманкулова Нуржан Ракимовна. Ал Саматбек Ибраевдин жубайы жана ушул жылдын 11-майында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору болуп дайындалган.

“Строймир” былтыр 16-сентябрда кайра каттоодон өткөн. Данияр Ибраев ишкананын башкы директору болуп турганда курулуш компанияларына арматура алып келип берүүнү убада кылып, бирок чоң суммадагы акчаны алган соң, байланышын үзүп кеткени кабарланды.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева анын эки жакын тууганы Ибраевдердин үй-бүлөсүнөн аласасы бар экенин айтып, ал да 4-октябрда Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыккан.

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

“Депутат Саматбек Ибраевдин жалгыз өзүн эле эмес анын карындашын, жубайын жана бул ишке катышкан эсепчилерин кошуп жоопко тартыш керек. Бул уюшулган топ “Строймир” деген ишкана ачып, сырттан бир аз арматура алып келишкен. Саматбек Ибраев элден тыйын алып, башкаларды да алар менен иштешүүгө тартып баштайт. Көп адам ишенип алар менен иштеше баштайт. Акчасын берчү адамдарга кеңсесин көрсөтүп ишенимине киришкен. Адамдар болсо эч кандай кирешеси жок ишканага акчасын сала беришкен”.

Саматбек Ибраевге акчасын алдатып жибергенин айткандардын арасында “Чек ара” коомдук бирикмесинин төрагасы, жарандык активист Гүлжигит Исаков да бар. Анын сөзү боюнча, былтыр аласасын доолагандан кийин Саматбек Ибраев “акча талап кылып атат” деп Гүлжигит Исаковдун үстүнөн милицияга арыз жазган. Кийин тосмо арыз берип иш кыскартылган. Бирок кайра прокуратура аркылуу иш жандарылган экен. Гүлжигит Исаков туруктуу киреше алып туруу максатында Ибраевдерге таандык компанияларга каражат салганын айтууда.

“Былтыр Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда жогорку бийлик жетекчилерине кирип айтканбыз. Азыркы бийлик деле унчукпай турат. Саматбек Ибраевдин кандай сыйкыры бар? Кандай касиети менен бийликтин оозун басып коюп атат деген ой болуп жатат. Саматбек Ибраев өзүнө такыр чаң жугуздурбайт. Бирок кандай экенин баары эле көрүп турат да”.

Ибраевдин жообу жана мүлкү

Ибраевдердин үй-бүлөсүнө нааразы болгон тараптар Саматбек Ибраев акыркы жылдары компанияларын жана башка мүлктөрүн сатып, калганын башка адамдарга каттатып койгонун айтып жатышат.

Ибраевдин 2018-жылы тапшырган декларациясында жыл ичинде тапкан кирешеси 3,7 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Ал дээрлик 100 гектар жерге ээлик кылып, Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаасы бар экенин жана “Азат Нур Пэри” компаниясын жетектерин көрсөткөн.

Жакын туугандарынын жыл ичиндеги кирешеси 12,5 миллион сомду түзгөнүн жана алардын бир нече турак-жайы, административдик кыймылсыз мүлкү жана эс алуу үйлөрү бар экенин белгилеген.

Саматбек Ибраев өзүнө жана жакындарына финансылык маселелер боюнча коюлган дооматтарды каралоо деп баалады.

“Анын баары тең кара пиар. Бул боюнча дагы шашпай териштиребиз. Мыйзамдарды алып чыккан үчүн ар кандай нерселер болуп атат да. Анткени биз криминалдык Финтехке каршы чыктык. Буга байланыштуу мен жөнүндө көп маселе көтөрүп атышпайбы. Биз легалдуу Финтех боюнча мыйзамды иштеп чыктык. Ушул жерде ар кандай оюндар, карама-каршылыктар бар. Эми аларды болсо (ред: Данияр Ибраевге байланыштуу иштер) өздөрү чечишип алышат. Укук коргоо органдары бар. Ар бир адам өзүнүн кылганына жооп бериш керек. Мен да жооп берем. Мен кылсам мен жооп бермекмин. Данияр кылса, өзү жооп бериш керек. Ар ким өзү жооп бериш керек да”.

Чуу жараткан долбоор

Саматбек Ибраев “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу айтып жатат. Депутаттын ысымы Финансылык технологиялар - Финтех аттуу түшүнүктү киргизүүнү сунуштаган долбоорго байланыштуу акыркы убактарда көп аталууда.

Финтех системасы мыйзамдаштырылса, фирмалар же жеке адамдар кайсы бир тиркемелер аркылуу банктын катышуусуз акча жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алат. Жарандарга эсеп ачып, аны тейлейт, насыя бере алат. Финтехтер кадимки банктар сыяктуу кеңсе ачууга, кампа курууга милдеттүү эмес болот. Мыйзамдын негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, коммерциялык банктарга ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн 600 миллион сом уставдык капитал талап кылынса, Финтехтер 100 миң сомдой каражат менен деле иш алып бара алат.

Бул мыйзамды коргоо боюнча жыйындарга орусиялык Владимир Фролов аттуу жаран да катышып жатат. “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө Саматбек Ибраев Фролов президент Садыр Жапаров менен да жолукканын ачыкка чыгарган. Көп өтпөй президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев буга байланыштуу айрым депутаттарды президенттин атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырган эле.

Финтех мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште депутаттарды эки жаат кылып, кызыл чеке болгуча талаштырды. Ошондой жыйындардын биринде депутат Мирлан Жээнчороев документти катуу сындаган.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Жанагы Фролов деген бул “Номос-Банк” менен байланышкан. “Номос-Банк” Кумтөрдөн көп жылдан бери алтын алып жүргөн банк. Ал киши эки банкты банкрот кылып, болгону бир машиненин баасына сатып жиберип, басып кеткен киши. Орусиянын “Коммерсантъ” басылмасы “бул абдан күмөндүү киши, ал кантип кайра банк ачып алганына биз таң калып жатабыз” деп жазып жатат. Эмне Кыргызстан, ар кандай шылуундардын, көз боёмочулардын жери болуп калдыбы? Аны бул жакка алып келгендер андан өткөн көз боёмочулар. Алар Улуттук банктын төрагасын айыпташканы менен өздөрү жеткен алдамчылар. Алар алдап кеткен ондогон кишилер менен мен өзүм жолуккам. Ал шылуундар президенттин атын жамынуу менен ушул ишке барганы жатышат”.

Ушул эле жыйында Саматбек Ибраев Жээнчороевге жооп берип, зарыл болсо кесиптеши менен соттошууга чейин барарын айткан.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 5-октябрда талаштуу мыйзам долбоорун биринчи окууда четке каккан. Долбоор парламенттин 20-октябрдагы жыйынынын күн тартибине киргизилген.

56 жаштагы Саматбек Ибраев Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылында туулган. Парламенттин сайтындагы өмүр баянында жазылгандай ал 1989-жылы Фрунзе политехникалык институттун “Инженер-куруучу” адистигин аяктаган. 2015-2018-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин Юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1989-жылы Фрунзе политехникалык институттун илимий чарбалык инженери болуп иштөө менен баштаган. 2007-2015-жылдары “Строймир” ишканасынын башкы директору болгон.

2015-жылдын январь айынан баштап КСДПнын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2015-жылы фехтования федерациясынын президенти болуп дайындалган. Ушул эле жылы “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун президенти болгон.

2017-жылы Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчилигине дайындалган. 2020-жылдын апрелинен тартып КСДПнын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Жогорку Кеңештин сайтында 20дан ашык сыйлык алганы жазылган. Анда төрт аймактын ардактуу атуулу наамын алганы белгиленген. 2018-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG