Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Артыкбаевден бошогон мандат Ибраевге тийди


Саматбек Ибраев.

Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болуп катталды. Мындай чечим 9-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) жыйынында кабыл алынганын «Азаттыкка» комиссия мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ибраевге Осмонбек Артыкбаевден бошогон мандат тийди. Артыкбаев депутаттыктан соттун чечими күчүнө киргенине байланыштуу ажыратылды.

КСДПнын талапкерлер тизмесинде Ибраевге чейин эки адам - Чынара Урумкалиева жана Дүйшөн Ирсалиев бар болчу. Бирок Ирсалиев өз арызы менен тизмеден чыгып кетти, ал эми Урумкалиева жөнүндө маселе гендердик талаптан улам каралган жок.

Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов:

«Конституциялык мыйзамдын талабына ылайык, аял киши кетсе мандат аял талапкерге берилет, эркек кишинин бош калган мандаты эркекке өткөрүлүп берилет дегендиктен мандат тизмеде турган кийинки эркек талапкерге берилди», - деп түшүндүрдү.

Ибраев 55 жашта. Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында да КСДПдан депутат болгон. Кийин парламенттин аппарат жетекчиси болуп иштеген.

Артыкбаев Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттолгон. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG