Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Ошто кыз ала качууга шек саналып эки киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын (ЖККК) Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери 20-октябрда Кара-Суу районунун аймагында кыз ала качып бараткан эки кишини кармады.

Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жол боюнда турган кызматкерлер унаанын ичинен жардам сураган үндү угуп, аны токтотушкан.

"Ош шаарынан кызды унаага күчтөп салып кеткени тууралуу кабар алгач шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) түшкөн. Кызды салып кеткен унаа тууралуу маалыматтар бардык постторго таркатылып жаткан маалда биздин облустук ЖКККнын кызматкерлери шектүү унааны тосушкан. Токтобой өтүп кеткенде, артынан кууп кармашкан. Ичиндеги кыз өзүн ала качып бара жатышканын билдиргенден кийин, унаадагы эки киши кармалды".

Факт "Никеге туруу максатында уурдоо" беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, Ош ШИИБне өткөрүлүп берилген.

"Кармалгандардын бири 25 жашта, экинчиси 26 жашта. Иликтөө жүрүп жатат",-деди Аширбаев.

Ош ШИИБнин басма сөз кызматкери Абсатар Тавакаловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ала качууга кабылган кыз арыз жазуудан баш тартууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, быйылкы жылдын тогуз айында Кылмыш кодексинин 175-беренеси (Никеге туруу максатында уурдоо) менен 187 факт катталган. Мунун ичинен 8 кылмыш иши сотко жиберилген. 177си курамында кылмыш жок деген негиз менен кыскартылган. 2 факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.

2020-жылы Кыргызстанда Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") менен 210 факт катталган. Анын 182си өндүштөн кыскартылып, 11и гана соттун кароосуна жиберилген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG