Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Жылдыз Бакашова КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотулду


Жылдыз Бакашова.
Жылдыз Бакашова.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин мурдагы орун басары Жылдыз Бакашованы Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотту.

Бакашова байкоочу кеңештин курамында парламенттин квотасынан мүчө болчу. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, Бакашова мүчөлүктөн кетүү тууралуу 5-майда арыз жазган. Ошол күнү ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бирок байкоочу кеңеш белгисиз себептерден улам арызды парламентке октябрда сунуштаган.

Бакашова министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп 12-октябрга чейин иштеген.

Бакашованын ордуна КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү, бирок парламент депутаттары аны колдогон жок.

Илим Карыпбеков телеканалды 2015-2019-жылдары башкарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG