Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:08

Булак: Сахаров атындагы сыйлык Навальныйга ыйгарылат


Орусиядагы оппозициянын лидери, камактагы саясатчы Алексей Навальный.
Орусиядагы оппозициянын лидери, камактагы саясатчы Алексей Навальный.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өз булактары билдиргендей, Сахаров атындагы сыйлык быйыл камактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйга ыйгарылат.

Европадагы мыйзам чыгаруучулар ушундай тандоо жасашканын радиого эки башка булак билдирди. Буга чейин Алексей Навальный Сахаров атындагы сыйлыктын талапкерлеринин кыска тизмесине киргени маалым болгон. Финалисттердин арасында өз укуктары үчүн күрөшкөн оогандык 11 аялдан турган топ жана Боливиянын мурдагы президентинин милдетин аткаруучу, камакта отурган Жанин Аньес да бар эле.

"Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн ыйгарылган сыйлыктын быйыл кимге ыйгарылары расмий түрдө кечирек жарыяланат.

Алексей Навальный январдын этегинде Германиядан кайтып келгенде аэропорттон кармалган. Саясатчы химиялык курал менен ууландырылгандан кийин бир нече ай Берлиндеги клиникада дарыланган.

Кармалгандан көп узабай Москва шаарынын Симонов райондук соту Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырып, 3,5 жылга колонияга жөнөткөн.

Оппозиционер жана бир тууганы Олег 2014-жылы “Ив Роше” компаниясынын каражатын кымырып алган деп айыпталып, шарттуу соттолгон. Ага-ини күнөөсүн моюнга алган эмес, кылмыш ишин саясий буюртма деп баалашат.

Адам укуктары чөйрөсүндө жыл сайын бериле турган сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген. Былтыр сыйлыкка беларус оппозициясы жана орус түрмөсүндө отурган украиналык режиссер Олег Сенцов татыган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG