Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Саакашвили дарыланууга макул болду


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

Үч аптадан бери камакта ачкачылык кармап жаткан Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили дарыланууга макул болуп, каршылык акциясын улантарын убада кылды.

Анын адвокаты Дито Садзаглашвили 20-октябрда Саакашвилинин катын журналисттерге окуп берди. Анда саясатчы "өз иши үчүн өлүмгө да даяр экенин" айткан.

Бир күн мурда дарыгерлер тобу түрмө администрациясына Саакашвилини ооруканага которууну сунуштаган. Ал 1-октябрда Грузияга кайтып келерин жарыялагандан көп өтпөй камалган. Мурдагы президент дароо ачкачылык жарыялаган. Ал эми анын миңдеген тарапташтары баш калаа Тбилисиге нааразылык акциясына чыгышкан.

53 жаштагы Саакашвили Грузия бийлигинин саясий мүдөөсү менен камалганын айтууда. Ал эми бийлик ал чек араны мыйзамсыз өткөнү үчүн камалганын билдирген.

2004-2013-жылдары Грузиянын башында турган Саакашвили 2018-жылы эки иш боюнча жалпысынан тогуз жылга сыртынан кесилген. Саясатчы ага тагылган айыптардын бардыгын четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG