Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Дамасктагы жардыруу 13 кишинин өмүрүн алды


Дамасктагы жардыруудан жабыркаган автобус. 20-октябрь, 2011-жыл.
Дамасктагы жардыруудан жабыркаган автобус. 20-октябрь, 2011-жыл.

Сириянын өкмөттүк маалымат каражаттары жазгандай, баш калаа Дамаск шаарында болгон жардыруудан 13 киши мерт кетип, дагы бир нече адам жарадар болду.

20-октябрда жолдун боюна коюлган эки бомба сириялык аскерлер бараткан автобус көпүрөдөн өтүп жаткан маалда жарылганын SANA маалымат агенттиги кабарлады.

Окуя эртең менен адамдар ишке, окууга шашып бараткан учурда болгон.

Сириядагы адам укуктарына көз салган Британиядагы обсерватория чабуул 14 кишинин өмүрүн алганын, өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.

Ал арада президент Башар Асадга каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар отурукташкан Идлиб аймагында өкмөттүк күчтөрдүн аткылоосунан сегиз киши каза болуп, жыйырмадан ашуун адам жарадар болгонун обсерватория кабарлады. Алардын арасында балдар да болгон.

Сириядагы он жылдан бери токтобой келаткан жарандык согуш 2011-жылдын март айында өкмөткө каршы нааразылык акциясын күч менен басуудан улам тутанган. Андан бери 350 миң киши каза болуп, миллиондогон адамдар өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG