Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:21

Орусиядагы "Кондитер" шоусунда кыргызстандык Анара Мурзакулова жеңди


Анара Мурзакулова
Анара Мурзакулова

Орусиянын "Пятница" телеканалындагы кондитердик шоудо кыргызстандык Анара Мурзакулова жеңди. "Кондитер" деп аталган сынактын супер финалы 19-октябрда болду.

Жеңүүчүгө 1 миллион рубль үчүн чек жана алтын чайкагыч (тортко колдонулчу азыктарды аралаштырчу буюм) берилди.

Анара Мурзакулова он жылдан бери Москвада жашайт. Миграцияда жүрүп, "Торт Арууке" деген брендди негиздеген.

"Кондитер" шоусунун бешинчи сезонуна 2021-жылдын август айынан баштап катыша баштаган.

Анара Мурзакулова менен маекти бул жактан окуңуз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG