Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Парламент Жогорку соттун үч судьясын шайлады


Парламент депутаттары 20-октябрдагы жыйында Жогорку соттун үч жаңы судьясын шайлашты.

Талапкерлер Тыныбек Бекешевди, Сулмайманкул Атакуловду жана Аида Сейдакматованы депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов тааныштырды.

Депутаттар алардын талапкерлигин колдогондон соң жаңы судьялар ант беришти.

Кыргызстандын Жогорку сотунда төрайым, анын үч орунбасары жана 31 судья бар. Президент Жогорку соттун судьяларын шайлоо үчүн парламентке талапкерлерди сунуштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG