Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Жыл башынан бери ар кандай кырсыктан 90 адам каза болду


Оштогу өрт, иллюстрациялык сүрөт.
Оштогу өрт, иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери Кыргызстанда адам өмүрүн алган 37 ири кырсык катталып, андан 90 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов басма сөз жыйынында кабарлады.

"Ири өзгөчө кырдаал тууралуу токтолсок, жети чоң жол кырсыгынан жалпы 44 киши, 17 сел каптоодон 10 адам, Баткен облусундагы чек арадагы кагылышуудан 36 киши көз жумду".

2021-жылдын тогуз айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы 4 690 чакырууга барган. Алардын 3083ү өрт кырсыгы болгон. Жалпы кырсыктардын чыгымы 2,5 миллиард сомдон ашык деп эсептелген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG