Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Бөкөнтаев: Улуттук банк "Мегакомду" сатып албайт


"Мегаком" ишканасынын кеңсеси, Бишкек. Архив сүрөт.
"Мегаком" ишканасынын кеңсеси, Бишкек. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин 20-октябрындагы отурумунда Улуттук банкттын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев "Альфа Телеком" жабык акционердик коомун ("Мегаком") Улуттук Банк сатып албай турганын билдирди.

Депутат Дастан Бекешев "Кыргызстандагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тууралуу" мыйзамды талкуулоодо бул мыйзамда бир топ тобокелчиликтер бар экенин айтты. Ал Мамлекеттик мүлк фонду сата албаган ишкананы Улуттук банк сатууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

"Бул Улуттук банкттагы каражаттарды чыгарып кетүүнүн бир жолу, эгер мамлекеттик мүлк жеке жактарга берилсе бул мыйзамды колдой турганымды айткам. Улуттук банк көз карандысыз бойдон калышы керек. Эмнеге "Мегкаомду" Улуттук банк сатып алышы керек?".

Депутаттын суроосуна жооп берген Бөкөнтаев "Мегакомду" сатып алуу планы жок экенин билдирди.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров "Улуттук банк менчиктештирүү процессине гана катышып, кайсы бир мамлекеттик мекемени сатуу же сатып алууга катышпайт" деп билдирди.

Быйыл, 29-июлда Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин отурумунда Улуттук банк "Альфа Телекомду" сатып алышы мүмкүн экенин айткан.

Министрлер кабинети быйыл июль айында, менчиктештирүү жараянынын баштапкы баскычы катары "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясын, Кепилдик фондунун, "Керемет" банктын жана Евразиялык сактык банкынын (РСК банкы) акцияларын сатууну сунуштаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG