Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

"Талибандын" өкүлдөрү Москвага барышты


Ооганстандагы талибдердин өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусунун орун басары Абдул Салам Ханафи жана кыймылдын башка өкүлдөрү. Катар, 12-август, 2021-жыл.
Ооганстандагы талибдердин өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусунун орун басары Абдул Салам Ханафи жана кыймылдын башка өкүлдөрү. Катар, 12-август, 2021-жыл.

Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) жогорку даражалуу өкүлдөрү 20-октябрда Москвага барышты. Аларды Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кабыл алды.

Кийинчерек Ооганстан боюнча эл аралык жыйын өтүп, ага Кытай, Пакистан жана башка мамлекеттердин расмий өкүлдөрү да катышат.

"Талибандын" делегациясын Ооганстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусунун орун басары Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ахмадулла Муттаки жетектеп барды.

Талибдер Кабулдагы өкмөттү кулатып, бийликти басып алгандан бери алгачкы ирет эл аралык жыйынга катышып жатышат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө жыйында Кабулдагы "инклюзивдүү өкмөт" түзүү маселеси талкууланат. "Талибандын" өкүлү Забиулла Мужахиддин айтымында, алар жыйындын катышуучуларынан экономикалык жардам жана саясий колдоо көрсөтүүнү суранышат.

Орусиянын Ооганстандагы элчиси Дмитрий Жирнов жолугушууда талибдердин өкмөтүн таануу маселеси козголбой турганын журналисттерге айтты.

Расмий түрдө "Талибан" кыймылы Орусияда террордук уюмдардын тизмесине кирет.

Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин "Ислам мамлекети" эсктремисттик тобунун эки миңдей согушкери Ооганстандын түндүгүндө топтолгонун жана алар Борбор Азия мамлекеттерине качкын катары кирип, диний жана улуттук кастыкты козутушу мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG