Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Орусияда карантин чаралары күчөтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны өсүп жатканына байланыштуу карантин чаралары киргизилет.

Акыркы суткада өлкөдө коронавирустан 1028 киши көз жумду. Вирус 34 миң кишиден жаңы аныкталды.

Орус президенти Владимир Путин өкмөттүн сунушу менен 30-октябрдан тартып бир жумалык дем алыш жарыялаганы турат. Айрым аймактарда ал эки аптага чейин узартылышы мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, бул маалда соода борборлору, кафе-ресторандар, сулуулук салондору жана фитнес-клубдар жабылат. Массалык иш-чараларга тыюу салынат.

19-октябрда Москва бийлиги бир катар чектөө чараларын кабыл алды. Ага ылайык, жашы 60тан өткөн, эмделе элек адамдарга февраль айынын соңуна чейин көчөгө чыгууга тыюу салынат, ишканалар кызматкерлердин 30% аралыктан иштөөгө өткөрөт жана тейлөө кызматында эмгектенгендердин 80% 1-январга чейин эмделиши зарыл.

Орусияда 146 миллион калкынын 35% гана эмделген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG