Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Дүйнө көмүргө кайтты, глобалдык аптап коркунучу


Кытайдын Шанси провинциясындагы Хэжин шаарындагы көмүр менен иштеген заводдон чыккан түтүн.

БУУ глобалдык жылуулуктун кооптуу чекке жетишин алдын-алуу үчүн зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну жарымына чейин кыскартуу сунушун берди.

Изилдөөдө өндүрүштүк кубаттуулукту арттыруу максатында дүйнөдө мунай, газ жана көмүр өндүрүү эки эсе өскөнү айтылып, муну чектебесе климаттын өзгөрүшүнө кескин таасир этери, ошондуктан токтоосуз чараларды кабыл алуу боюнча демилге көтөрүлдү.

Энергетикалык кризистин кесепети

Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасы өнөр-жай тармактары газ, мунай жана көмүр өндүрүүгө ашкере көп байланган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө глобалдык жылуулук коркунучтуу деңгээлге жетип калганын эскертти.

Ошондуктан климаттын өзгөрүүсүнө өбөлгө түзүп жаткан зыяндуу энергия булактарын колдонуудан баш тартып, шамал, күн жана суу энергетикасы сыяктуу таза энергия булактарына өтүү демилгеси көтөрүлдү.

Дүйнөдө өндүрүш кайра жанданып, жаратылыш газына, мунайга болгон муктаждык өсүп, баалар жогорулап, энергетикалык таңкыстык жаралды. Мындай жагдайда буга чейин тыюу салынган Евробиримдиктин аймагында да энергияны иштеп чыгуу үчүн көмүргө кайтуу демилгеси көтөрүлүүдө.

Ал эми Кытай менен Индия сыяктуу өлкөлөр энергетикалык кризистин айынан кошумча өндүрүштүк кубаттуулукту көбөйтүү үчүн көмүр казуунун көлөмүн көбөйткөн.

Еврокомиссиянын вице-президенти Франс Тиммерманс энергетикалык кризисте көмүргө өтүү оор кесепеттерге алып келерин эскертти:

Бельгия. Франс Тиммерманс, Еврокомиссиянын вице-президенти. Климат боюнча Жашыл келишим долбоору.14-июль, 2021-жыл.
Бельгия. Франс Тиммерманс, Еврокомиссиянын вице-президенти. Климат боюнча Жашыл келишим долбоору.14-июль, 2021-жыл.

"Бирок, бул кризис дагы өтөт. Ошондо, бул кризисте биз келечеги жок жана айлана-чөйрөнү өзгөчө булгоочу энергиянын түрү болгон көмүр казууга инвестиция жасай баштасак, анда мунун аягы климаттык трагедияга алып келет. Ошондуктан биз бул энергетикалык кризис учурунда дагы булганыч энергияны колдонууга кайтпашыбыз абзел. Ал акылсыз кадам болот. Мүмкүн болушунча тең салмактуулукту кармап, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү керек. Бул мактоого татый турган жана дымактуу иш. Евробиримдик дагы бул демилгеге кошулуп, ага өтүүнү каалайбыз", - дейт Франс Тиммерманс.

Кечиктирилгис чаралар кандай?

БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын 20-октябрда чыккан баяндамасында көп өлкөлөр энергетикалык кризистен чыгуу үчүн эки эсе көп көмүр, газ жана мунай өндүрүүнү мерчемдегени, бул глобалдык аптап цельсия боюнча 1,5 градустун чегинен ашып кетишин шарттай турганы айтылды.

Абанын ысышын мындай коркунучтуу чекке жеткирбөө үчүн алдыдагы он жылдыкта зыяндуу газдарды чыгарууну 2010-жылдагыдан 45% кыскартуу сунушталды.

Өткөн айда АКШнын президенти Жо Байден зыяндуу газдардан арылбаса, дүйнө кооптуу абалга кептелгенин айтып, дүйнө өлкөлөрүн кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырган болчу.

Вашингтон. Жо Байден, АКШ президенти.
Вашингтон. Жо Байден, АКШ президенти.

"Мен азыр биздин салттуу инфраструктураны модернизациялоого инвестиция тартуу жана аны климаттын өзгөрүүсүнө жараша ылайыкташтыруунун үстүндө иштеп жатам. Анткени биз болочокто миллиондогон жумуш орундарын камсыздай турган жаңы тармактарды түзүү үчүн таза энергия булактарын чыгарууга жол ачуубуз зарыл. Бул иштин алкагында Кошмо Штаттары 2030-жылга карата зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну 50-52% кыскартууну жактайт. Ошондуктан биз 2025-жылга чейин АКШда сатылчу күйүүчү май менен иштеген автоунаалардан арылып, 20-30% электромобилдер пайдаланууга кириши керек деген максат койдук",- деди Жо Байден.

БУУ каржылаган күндүн ысышын шарттаган жагдайлар тууралуу соңку изилдөө жакында Глазго шаарында глобалдык аптап жана климаттын өзгөрүшү боюнча өтө турган саммиттин алдында жарыяланды. Анда жашоого жарамдуу аба-ырайынын табын кармоо үчүн климаттык шарттарды камсыздоо боюнча Париж келишиминин талаптары талкууланары кабарланган.

Стокгольмдагы айлана-чөйрөнү коргоо институтунун башчысы, аталган изилдөөнүн авторлорунун бири Плой Ачакулвисут өкмөттөр газ, мунай жана көмүр казууну ашкере көбөйтүп жаткандыктан аба-ырайы кескин ысып, глобалдык аптап коркунучтуу чекке жакындап калганын билдирди.

БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперттик тобу токтоосуз чаралар көрүлбөсө, алдыдагы он жылда абанын табы кескин жогорулап жатканын эскерткен.

Баяндамада айлана-чөйрөнү булгап, глобалдык аптапка шарт түзүп, зыяндуу энергия булактарын өндүрүүчү Орусия баш болгон эң ири 15 өлкө тизмеге киргизилген.

Зыяндуу газ бөлүп чыгаруу боюнча дүйнөдө 8-орунда турган Индонезия жакында көмүр электр станцияларын колдонуудан баш тартарын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG