Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Бээжин Олимпиаданын алдында вакцинанын үчүнчү дозасын сунуштай баштады


"Синовак" вакцинасын кармап турган дарыгер. 24-сентябрь, 2020-жыл. Бээжин.
"Синовак" вакцинасын кармап турган дарыгер. 24-сентябрь, 2020-жыл. Бээжин.

Кытай бийлиги Бээжинде февраль айында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүп, калкка коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сунуштап жатат.

Үчүнчү доза 18 жаштан жогору, алты ай мурда эмделген жарандарга сайыларын 20-октябрда Beijing News мамлекеттик басылмасы жазды.

Ошондой эле Олимпиадага катыша турган спортчулардын баары эмдөөдөн өтүшү керек же Кытайга барганда 21 күн карантинде отурат.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөдө бир миллиарддан ашуун адам же калктын 78% эмделген. Адистер белгилегендей, жапырт иммунитетке жетүү үчүн калктын 85% вакцина алышы зарыл.

Айрым укук коргоочу топтор Кытайды адам укуктарын одоно бузуп жатканы үчүн айыптап, Эл аралык Олимпиада комитетинен оюндарды жылдырууну талап кылып жатышат.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаменти эки миллиондон ашуун уйгур жана башка мусулман азчылыктары Шинжаңдагы «саясий-тарбиялоочу лагерлерде» камалып жатканын билдирген. Бээжин ал жайларды кесиптик билим берүүчү борборлор катары мүнөздөп жүрөт.

Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах бойкот тууралуу сунуштарды, саясий нейтралитетке шылтап четке какты.

XS
SM
MD
LG