Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Прокуратура: Саакашвили Грузияга сүт азыктарын ташыган машине менен кирген


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

Грузия прокуратурасы мурдагы президент Михаил Саакашвили өлкөгө кантип киргени тууралуу маалымат таратты. Анда Саакашвили Украинанын Черноморск шаарынан Грузиянын Поти деген портуна "Вильнюс" деген паром менен келгени айтылат. Кеме портто токтогондо, "ичинен сүт азыктарын ташыган чоң машине чыккан". Маалыматка ылайык, Саакашвили дал ошол автоунаанын ичинде жашырынган.

Прокуратура бул маалыматты Саакашвилинин телефонундагы маалыматтар дагы ырастаганын билдирди.

Мурдагы президентке "чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деген айып тагылды. Ошондой эле бул окуяга байланыштуу машиненин айдоочусу жана Поти портунун эки кызматкери камалды.

Саакашвили 1-октябрда Грузияга кайтып келерин жарыялагандан көп өтпөй камалган. Мурдагы президент дароо ачкачылык жарыялаган. Ал эми анын миңдеген тарапташтары баш калаа Тбилисиде нааразылык акциясына чыгышкан.

2004-2013-жылдары Грузиянын башкарып турган Саакашвили 2018-жылы эки иш боюнча жалпысынан тогуз жылга сыртынан кесилген. 53 жаштагы саясатчы өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG