Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Ардагер балбан Чынарбек Изабеков үчүнчү жолу Дүйнө чемпиону болду


Чынарбек Изабеков. Архив. 2015-ж. 
Чынарбек Изабеков. Архив. 2015-ж. 

Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков Грециянын Лутраки шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Изабеков 20-октябрда эркин күрөштөн 51 жаштан 55 жашка чейинкилер арасында (D категориясы) 100 килограмм салмакта күч сынашты. Изабеков алгач 1-айлампада ирандык Фарзад Хоссейн Хеллалини 8:4 эсебинде жеңди. 2-айлампада америкалык Эрик Отис Хинклини 8:0 эсебинде таза утту. 3-айлампада польшалык Адам Чожнакини 5:0 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду.

Чынарбек Изабеков ушуну менен эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпионатына алтынчы жолу катышты. Үч жолу Дүйнө чемпиону болуп, эки жолу күмүш, бир жолу коло медал утту.

19-октябрда башталган Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионаты (эркин күрөш, грек-рим күрөшү) 24-октябрда чейин уланат. Анда 36 жаштан 60 жашка чейин беш категорияда ардагер балбандар күч сынашууда. Кыргызстандан алты балбан барды.

Ошондой эле калыстар арасында эки кыргызстандык бар. Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөштөн 56 жаштан 60 жашка чейинкилер арасында кыргызстандык Талант Бегалиев (Е категориясы, 70 кг) алтын медал тагынды. Ушул эле жаш куракта 130 килограмм салмакта Сааданбек Ниязов коло байгеге ээ болду. 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында (В категориясы) Арген Бегалиев (88 кг), алгачкы беттеште жеңилип мелдештен четтеди. Эртең, 21-октябрда 36 жаштан 40 жашка чейинкилер арасында Роман Сарыбаев (А категориясы, 88 кг) күрөшөт. 22-октябрда грек-рим күрөшүнөн Калмурза Жолдубаев 46 жаштан 50 жашка чейинкилер арасында (С категориясы, 70 кг) күч сынашат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG