Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Ардагер балбан Чынарбек Изабеков дүйнө чемпионатында күмүш байге алды


Чынарбек Изабеков.
Чынарбек Изабеков.

Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков ушул күндөрү Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Изабеков 12-октябрда 46 жаштан 50 жашка чейинки курактагы балбандар арасында (C категориясы) 100 килограмм салмакта күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү.

Алгачкы беттешинде ал казакстандык Куаныш Мырзаны, чейрек финалда Түштүк Африкадан барган Пиетер Фредерикти, жарым финалда ирандык балбан Сухраб Рахматабадини жеңип алды.

Финалда дагы бир ирандык балбан Али Аббас менен беттешип, бир упай гана айырма менен жеңилип калды (1:2).

Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына бешинчи ирет катышып жатат. Ал буга чейин эки жолу дүйнө чемпиону аталып, бир жолу күмүш, бир жолу коло байге алган.

49 жаштагы Чынарбек Изабеков СССРдин чемпиону болгон. 18 жашында жаштар арасында дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган. 21 жашында ден соолугуна байланыштуу спорттук карьерасын токтоткон.

Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты 8-октябрда башталган.

Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Бердикул Караев (56-60 жаштагылар арасында, 88 кг) күмүш, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (41- 45 жаштагылар арасында, 70 кг) коло байге алган.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев эркин күрөштөн (56-60 жашка чейинки курактагы балбандар арасында) дүйнө чемпиону атыкты. Дагы бир кыргызстандык эркин күрөш балбаны Билимбек Капарбеков 40 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 78 килограмм салмакта күмүш байге алды. Таймаштар 13-октябрда жыйынтыкталат. (ECh/GT)

XS
SM
MD
LG