Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Украинада коронавирустан бир суткада 546 адам көз жумду


Коронавируска чалдыккандарды дарылаган медкызматкерлер. Симферополь. 23-июль, 2021-жыл.
Коронавируска чалдыккандарды дарылаган медкызматкерлер. Симферополь. 23-июль, 2021-жыл.

Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, соңку бир суткада коронавирус 22 миңдей адамдан аныкталды. Илдеттен 546 адам каза болду.

Жалпысынан 41 миллион калкы бар өлкөдө COVID-19 62 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Соңку айда украин бийлиги карантин чараларын акырындап күчөтүүдө. Мыйзам чыгаруучулар бийликке жыл аягына чейин чектөөлөргө жол ачкан өзгөчө кырдаал абалынын мөөнөтүн узартышты.

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны өсүп жатканына байланыштуу 30-октябрдан тарта бир жумалык дем алыш жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, бул маалда соода борборлору, кафе-ресторандар, сулуулук салондору жана фитнес-клубдар жабылат. Массалык иш-чараларга тыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG