Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Сузакта мектеп курулушундагы жемкорлук иликтенүүдө


Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 мектеп.
Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 мектеп.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абаддын Сузак районунда мектептин курулушунан дээрлик 5 миллион сом өөнөлгөнүн кабарлады. Бул иштин алкагында Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн тергөө жүрүп жатат.

Тергөө версиясына караганда, Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 мектептин курулуш иштеринин көлөмү өз ара сүйлөшүү жолу менен көбөйтүлгөн. Андан тышкары, курулуш иштеринде кемчиликтер аныкталган.

Иш Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен иликтенүүдө.

Шектүү тараптан комментарий боло элек.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдагы эсеби боюнча Кыргызстанда 600 мектеп жетишпейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG