Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Талибдер митингди чагылдырган журналисттерге кол салышты


Кабулдагы аялдардын акциясы. 10-октябрь, 2021-жыл.
Кабулдагы аялдардын акциясы. 10-октябрь, 2021-жыл.

«Талибандын» жоочулары Кабулдагы митингди чагылдырып жаткан журналисттерге кол салышты.

21-октябрда 20дай аял баш калаанын көчөлөрүнө өз укуктарын талап кылып нааразылык акциясына чыгышты. Алар «Иш, нан жана билим» деген ураандарды чакырып турушту.

Бир убакта талиб жоочуларынын бири окуяны чагылдырып жаткан чет элдик журналистти тапанчасы менен бир коюп, тээп жиберген. Башка жоочу журналистти бир муштаганын «Франц-пресс» агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кеминде эки журналист жаракат алды.

«Талибдер аялдарды да, чет элдик, жергиликтүү журналисттерди да сыйлашпайт»,-деди акциянын уюштуруучуларынын бири Захра Мухаммади.

«Талибан» кыймылы окуя тууралуу комментарий бере элек.

Эл аралык коомчулук тааныган бийликти кулатып, өлкө башына келген август айынан бери «Талибан» кыймылы аялдардын укуктары шариятка ылайык сыйланарын билдирген.

БУУ баш болгон бир катар укук коргоо уюмдары талибдер өз убадаларына турбай, аялдарга иштөөгө, ал эми кыздарга билим алууга мүмкүнчүлүк бербей жатышканын айыптап келишет. Ошондой эле Ооганстандын жаңы бийлиги сөз эркиндигин чектеп жатканы үчүн сынга кабылып келет.

Ушул тапта Ооганстандагы 34 провинциянын бешөөндө гана кыздарга орто мектепке барууга уруксат берилген. Аялдардын көпчүлүгүнө ишке барууга тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG