Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйүүдө


Коргоочу кийимчен медиктер. Иллюстрация.
Коргоочу кийимчен медиктер. Иллюстрация.

21-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 114 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын экөө каза болду.

Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Акыркы эки күндөн бери COVID-19га чалдыккандардын саны жүздөн ашып жатат. Сентябрдын этегинен бери инфекция жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү негизинен 60-90дун тегерегинде болуп келди.

Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, өлкөдө бул ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 180 миңден ашты. Алардын 2643ү көз жумуп, 175 миңдейи айыкты.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Аны 18 жаштан өткөн жарандар алса болот. Вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн. Кыргыз өкмөтү Кытай, Европа, Түркия жана Орусия өндүрүшүндөгү препараттарды алып келген.

21-октябрга карата 1 миллион 639 миңден ашуун адам эмделди. Алардын 931 миңден көбү бир дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты.

Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн 2,5 миллиондой адам эмделиши кажет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 243 миллионго жакындап калды. Алардын 5 миллионго жакыны жашоо менен кош айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG