Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Сахаров атындагы сыйлык Алексей Навальныйга ыйгарылды


Алексей Навальный сот жараяны учурунда.
Алексей Навальный сот жараяны учурунда.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга Европарламенттин Андрей Cахаров атындагы сыйлыгы ыйгарылды. Ага бийликтин эркиндиктерди чектөө аракеттерин, коррупцияны ачыкка чыгарган эмгеги үчүн "Ой жүгүртүү эркиндиги" сыйлыгы берилгени айтылды. Навальныйга сыйлык ыйгаруу чечимин 20-октябрда Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли билдирди.

"Ал Владимир Путиндин режимине, коррупциясына каршы туруктуу үгүт жүргүзүп келген жана өзүнүн социалдык баракчалары жана саясий иштери аркылуу укук бузуулардын бетин ачууга жардам берген. Бул үчүн ал ууланып, түрмөгө түштү", - деди Сассоли.

Буга чейин Алексей Навальный Сахаров атындагы сыйлыктын талапкерлеринин кыска тизмесине киргени маалым болгон. Финалисттердин арасында өз укуктары үчүн күрөшкөн оогандык 11 аялдан турган топ жана Боливиянын мурдагы президентинин милдетин аткаруучу, камакта отурган Жанин Аньес да бар эле.

Алексей Навальный январдын этегинде Германиядан кайтып келгенде аэропорттон кармалган. Саясатчы химиялык курал менен ууландырылгандан кийин бир нече ай Берлиндеги клиникада дарыланган.

Кармалгандан көп узабай Москва шаарынын Симонов райондук соту Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырып, 3,5 жылга колонияга кескен. Оппозиционер жана бир тууганы Олег 2014-жылы “Ив Роше” компаниясынын каражатын кымырып алган деп айыпталып, шарттуу соттолгон. Ага-ини күнөөсүн моюнга алган эмес, кылмыш ишин саясий буюртма деп баалаган.

Адам укуктары чөйрөсүндө жыл сайын бериле турган сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген. Былтыр сыйлыкка беларус оппозициясы жана орус түрмөсүндө отурган украиналык режиссер Олег Сенцов татыган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG