Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 103 учур жаңы катталды


Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 20-октябрда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган үч бейтап каза болду.

103 адамдан жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар экени кабарланды. Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте. Бул күнү Ош шаарында вирусту жаңы жуктургандар катталган эмес.

  • Бишкек - 47
  • Чүй облусу – 24
  • Ош облусу – 4
  • Талас облусу - 4
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 10
  • Жалал-Абад облусу – 10
  • Баткен облусу - 3


Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 180 109 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 641 адам каза болду. Бир күндө 49 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 604 адам ооруканада, 542 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,6 миллиондон ашты. Алардын 921 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG