Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

Ашхабадда полициянын ондогон "байкоо түйүндөрү" курулат


Түркмөнстандагы полиция күркөсү. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркмөнстандагы полиция күркөсү. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда баш калаа Ашхабад шаарына полициянын байкоо түйүндөрүн курууга тендер жарыяланды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин буюртмасы менен Курулуш жана архитектура министрлиги жарыялаган тендер тууралуу билдирүү Türkmenistan гезитине жарыяланды.

Gündogar.org басылмасы мамлекеттик басылмаларга шилтеме кылып, жалпысынан Ашхабадда 20 байкоо түйүнүн куруу пландалып жатканын кабарлады. Алар тартипти камсыз кылуу, жарандардын жеке жана мүлктүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн алдыңкы технологиялар менен жабдылары кабарланды.

"Түркмөнстан хроникасы" басылмасынын маалыматына караганда, былтыр да ушундай эле тендер жарыяланып, мөөнөтү эки жолу узартылган. Анда курула турган объекттер "коомдук тартипти камсыз кылуучу көзөмөл-өткөрмө пункттар" деп аталган. Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов атайын пункттарды түзүү тапшырмасын 2020-жылы апрелде коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Чарымырат Амановго берген. Анда өлкөнүн мамлекеттик ТДХ маалымат агенттиги күнү-түнү укук коргоо кызматкерлери нөөмөттө тура турган көзөмөл пункттары Ашхабаддын калк жыш жайгашкан аймактарына куруларын кабарлаган.

Көзөмөл пункттарын куруу үчүн кайрадан тендер жарыяланышы Түркмөнстанда коронавируска байланыштуу чектөөлөр күчүндө турган кезге туш келди. Өлкөдө августтан бери базарлар менен тейлөө жайлары жабык. Калк арасында чектөө чараларынын сакталышына көзөмөл күчөтүлүп, беткап тагынбагандарды аныктоо боюнча рейддер жүрүп турат.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөдө локдаун бери дегенде эле 1-ноябрга чейин созулушу мүмкүн экенин кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG