Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Баткен: Элден чогулган акчанын 65,8 млн. сому калды


Коллаж.
Коллаж.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү элден чогулган каражаттын сарпталышы боюнча 19-октябрда маалымат берди.

"Бүгүнкү күнгө чейин бул каражаттан 72,683 млн. сому куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү жана курууга бөлүнгөн. Учурда анын 52,981 млн. сому сарпталып, дагы 20,584 млн. сомдук иш аткарылуу алдында турат", - деп жазылган маалыматта.

Чек ара жаңжалында жаракат алган 16 адамдын дарылануусуна жана чек арадагы айылдарда жашаган балдарды эс алдырууга 1,8 млн. сом жумшалган. Мунун ичинен жарадар болгондор үчүн 1 млн. 570 миң сом толугу менен бөлүнүп берилген. Ал эми балдардын эс алуусуна 229 миң 750 сом берилген.

Өкүлчүлүктүн эсебинде учурда атайын эсепте 65 млн. 847 миң 283 сом бар. Бул акчаны кантип кайда жумшоону өкмөт башчы жетектеген атайын комиссия чечет. Аны сарпттоодо чек арадагы айылдардагы элдин, айыл өкмөт, аким жана башка жетекчилердин сунуштары эске алынат.

Куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү жана курууга сарпталган акча тууралуу маалымат:

Лейлек району боюнча:

- Баткен, Лейлек райондорундагы 140 үйдүн жылуулук сиcтемасын курууга 33 млн. 813 миң 220 сомго келишим түзүлүп, 16 млн. 906 миң 600 сом которулган.
- Максат айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 12 млн. 830 миң сомго келишим түзүлүп, 12 млн. 492 миң 551 сом которулган.
- Максат айылынын кире беришине арка курууга 1 млн. 798 миң сомго келишим түзүлүп, 899 миң сом которулган.
- Лейлек районунун Максат айылын жарыктандыруу үчүн 7 млн. 181 миң сомго келишим түзүлүп, 6 млн. 590 миң 600 сом которулган.

Баткен району боюнча:

- Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы үйлөрдүн короосун тосконго 3 млн. 699 миң 519 сомго келишим түзүлүп, 1 млн. 849 миң 800 сом которулган.
- Баткен районунун Ак-Сай айылындагы “Сулууданги Ак-Сай” таза cуусун реконструкциялоо үчүн 1 млн. 273 миң 122 сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулуп берилди.

Мындан тышкары куралдуу жаңжалда набыт болгон 36 адамдын үй-бүлөсү үчүн курулган 36 үйгө кошумча акча жумшалган. Анын ичинде:

- Баткен шаарында курулган 36 үйдүн канализациясын курууга 8 млн. 681 миң 188 сомго келишим түзүлүп, толугу менен которулган.
- Ушул эле 36 үйдүн айланасын тосконго жана жылытуу системасына 3 млн. 406 миң 96 сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулган.

Быйыл, 28-30-апрель, 1-май күндөрү Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин карапайым тургундар, ишкерлер, алыс-жакынкы чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар жиберген акча атайын эсепке чогултулган. Натыйжада жалпы 119 млн. 695 миң 848 сом чогулган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргыз, 19 тажик жараны көз жумган. Жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG