Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:06

Баткен: чек арада жашагандарга психологиялык жардам көрсөтүлө баштады


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Терек айылы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Терек айылы. Иллюстрациялык сүрөт.

USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2021-жылдын жаз айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган Баткен районунун тургундарына психологиялык жардам көрсөтүү программасын ишке ашыра баштады. Бул тууралуу USAIDдин расмий сайтында кабарланды.

“Жигердүү жарандар” долбоорунун аталган программасы 2021-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын январына чейин “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө медиктерди окутуу, психологиялык жардамга муктаж болгон жарандарды аныктап, адистерге жөнөтүү багытында иш алып барат. Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча окутууларды өткөрүп, жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүлөт. Чыр-чатак учурунда жамааттарга жардам көрсөтүүгө тартылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө стрессти башкаруу жана өзгөчө кырдаалдарда эмоционалдык жактан чарчоону жеңүү жолдору үйрөтүлөт.

“Бул демилгенин дагы бир маанилүү бөлүгү - психологдордон жана психиатрлардан турган атайын команда Арка, Карабак, Көк-Таш, Кызыл-Бел, Кулунду, Максат жана Раззаков айылдарынын тургундарына түздөн-түз психологиялык жардам көрсөтүлөт,” - деди “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмесинин башчысы Лилия Пантелеева.

“Жигердүү жарандар" долбоорун USAID каржылап, FHI 360 эл аралык уюму тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор Кыргызстандын жарандык коом уюмдарынын жана алардын тармактык түйүндөрүнүн өлкөдөгү жарандык катышуусун күчөтүү боюнча аракеттерин колдойт.

Быйыл апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта бир нече үй, социалдык объектилер күйүп кеткен жана талкаланган. Баткендеги кандуу кагылышта талкаланган үйлөр түрк өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилген. Үйлөр күйүп, турак жайлар бузулганын Тажикстан дагы билдирген.


Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG