Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

COVID-19: Казакстан карантин чараларын жеңилдетет


Казакстанда колдонулган "Ачык" тиркемеси.
Казакстанда колдонулган "Ачык" тиркемеси.

Казакстандын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссиясы 20-октябрдан тарта карантинди жеңилдетүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу 19-октябрда Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой билдирди. Ал мындай чечимге "өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташканы жана эмдөөдөн өтүшү керек болгон калктын 70 пайыздан ашыгы вакцина алганы" негиз бергенин айтты.

Чечимге ылайык, коронавируска каршы толук эмделген же үч күнгө жарактуу тесттин негативдүү жыйынтыгын көрсөткөн жарандар медициналык, коомдук жайларга, карылар жана балдар үйлөрүнө бара алышат.

Ошондой эле түнкү клубдар да ачылат. Бирок ага "Ачык" тиркемесинде "жашыл" статусу бар жарандар гана кире алышат. Түнкү клубдар "жашыл аймактарда" болсо кардарларынын саны 100дөн ашпашы керек. Ал эми "сары аймактагы" түнкү клубдар 70, "кызыл аймакта" 50 кишиге чейин ганакабыл алышы зарыл.

Казакстанда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жалпы базасына туташкан "Ачык" тиркемеси колдонуучунун илдетти таратуу ыктымалдыгын көрсөтөт. Тиркеме жарандардын кайсы коомдук жайларга киргенин каттап турат.

Жаңы эреже боюнча, "Ачык" тиркемеси менен иштеген ишканалардын жумуш мөөнөтү да өзгөрөт. "Жашыл аймактагы" ишканалар түндүн бир оокумуна чейин ишин уланта берсе болот. "Сары аймактагы" ишканалар түнкү саат бирге чейин гана иштей алышат.

Учурда Казакстанда бир күндө 1500-2000дин тегерегиндеги адамдан коронавирус аныкталып жатат. Вирустан өлгөндөрдүн саны дагы деле көп. Расмий маалыматка ылайык, күн сайын ондогон адамдар кайтыш болуп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG