Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Amnesty International пандемияда сөз эркиндигин чектеген өлкөлөрдү сындады


Москва шаарында коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн ачылган убактылуу бейтапканада дарыгерлердин айткандарын тасмага түшүрүп жаткан журналист. 11-май, 2020-жыл.
Москва шаарында коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн ачылган убактылуу бейтапканада дарыгерлердин айткандарын тасмага түшүрүп жаткан журналист. 11-май, 2020-жыл.

Amnesty International ("Эл аралык мунапыс") укук коргоо уюму Кытай менен Орусия баштаган бир катар өлкөлөр коронавирус пандемиясы маалында сөз эркиндигин чектеп, сынчыл көз караштагы адамдарга басым көрсөткөнүн билдирди. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун мындай мазмундагы "COVID-19 маалында сөз эркиндиги коркунучта" аттуу баяндамасы 19-октябрда жарыяланды.

Анда дүйнөдө туура эмес маалыматтардын көбөйүшү менен бирге бир топ өлкөлөрдө сөз эркиндигине чабуул күчөгөнү, бул элдин так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп койгону белгиленген.

"Байланыш каналдар бутага алынды, социалдык медиа цензурага туш болду, медиа каражаттары жабылды", - деди уюмдун жогорку даражалуу өкүлү Ражат Хосла.

Баяндамада Кытай бийлиги Ухан шаарында коронавирус тууралуу алгачкылардан болуп айтып чыккан медиктер менен жарандык журналисттерге кысым көрсөткөнү, бир топ адамга кылмыш ишин ачканы жазылган. Ошондой эле, Орусия былтыр жазында "жалган жаңылыктарга" байланыштуу мыйзамын дагы күчөткөнү белгиленген.

Amnesty International уюму дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө мындай чектөөлөр ушул күнгө чейин уланып жатканын, жаңы чаралар соңку бир канча жылдан бери адам укуктарын бутага алган аракеттердин бир бөлүгүнө айланганын билдирген.

Буга чейин Кытай менен Орусиянын бийлиги пандемияда адам укуктары одоно бузулганы тууралуу айыптоолорду четке кагышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG