Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Баатыр болгусу келбеген дарыгерлер


Эс алып отурган дарыгер. Ухань, 9-февраль, 2020-жыл.
Эс алып отурган дарыгер. Ухань, 9-февраль, 2020-жыл.

Коронавирус жугузуп алгандар Кытайда 69 миң адамга чукулдады. Бул илдеттен көз жумгандардын саны 1700 кишиге чамалады. Айыккандардын саны 10 миң адамдын тегерегинде. Бул тууралуу 16-февралда расмий Бээжин билдирди.

Онлайн фитнес сабактар

Коронавируска байланыштуу бул күндөрү кытайлыктар үйлөрүнөн ашыкча чыкпаганга аракет кылып жатышат. Анын үстүнө коомдук жайлардын көбү жабык. Ушундан улам өлкөдө онлайн фитнес сабактары популярдуу болуп жатат. 34 жаштагы машыктыруучу Чжан Вейяндын Бээжиндин түндүк-батышында фитнес залы бар эле. Бирок аны бийлик өткөн айда эле жаптырган. Буга байланыштуу Чжан Вейян кризиске учурап, кирешесиз калганын айтты:

«Коронавирус эпидемиясынын башталганына бир айдан ашты. Андан бери машыктыруучу залыбыз иштебей турат. Биз анын ижарасын төлөшүбүз керек да, ошол себептен каржылык жактан чоң эле сокку болуп жатат. Бирок мен чөккөн жокмун. Эгер эл онлайн сабактарга катышып, төлөп турса, киреше болот деген ойдомун».

Чжан Вейян менен онлайн режимде бирге машыгып жаткандардын бири - Жен Кефей. Ал медиа компанияда жетекчи болуп иштейт. Бирок коронавирустан улам Жен да үйүнөн чыга албайт. Ашыкча салмактан арылганга ага онлайн сабактар жардам берип жатат. «Вирус башталгыча мен спорт менен күндө машыкчумун. Балам төрөлгөндөн бери ашыкча салмак коштум. Менин өзүмө болгон талабым күчтүү», - дейт ал.

Жен сыяктуу он миллиондогон кытайлыктар учурда үйдөн чыкпай отурууга мажбур. Вирустун очогу болуп саналган Хубей провинциясында жана анын жака-белинде жашагандарга бийлик дүкөнгө да зарыл учурда гана барууга уруксат берген. Ошондуктан тамакты онлайн буюртма менен жеткирүү кызматтары да популярдуу болууда. Ал эми тамакты жеткирип баргандардын жумушу абдан кооптуу болуп калды. Анткени байкоочулар аларда вирусту жугузуп алуу коркунучу кыйла жогору экенин белгилешет.

Дүкөндөгү көрүнүш. Ухань шаары.
Дүкөндөгү көрүнүш. Ухань шаары.

Айрым аймактарда, маселен Хэбей провинциясынын Таншань шаарында жергиликтүү бийлик тургундарга иттерин көчөгө алып чыгууга да тыюу салган. Ал эми Шаньдун провинциясында жашагандарга эки жумага үйлөрүнөн чыгууга уруксат берилген эмес. Бийлик камералар аркылуу баарына көз салып турат.

«Баатыр болгубуз келбейт»

16-февралга карата Кытайда вирус жугузуп алгандардын саны 69 миң кишиге чукулдады. Андан айыгып чыккандардын саны 10 миң адамдын тегерегинде. Хубей провинциясына учурда өлкөнүн башка аймактарынан жүздөгөн медициналык кызматкерлер тартылып жатат. Муну менен Кытай бийлиги вирустун жайылышын ооздуктоо максатын көздөйт. Кытайда медиктер күнү-түнү, тынымсыз иштеп жатышканын чагылдырган видеолор кеңири жайылып жатат.

Бейтаптарын карап жаткан дарыгер. Ухань. 13-февраль, 2020-жыл.
Бейтаптарын карап жаткан дарыгер. Ухань. 13-февраль, 2020-жыл.

Аларга жакындары менен жолугууга уруксат берилбейт. Көбү чачын кырктырып, ал тургай кырдырып салган. Кытайга баш ийген Гонконгдо да ушундай эле кырдаал.

Гонконгдогу дарыгер Альфред Вон вирус жугузуп алгандар менен иштеген «кир команданын» курамына кирет. Учурда ал иштеген бөлүмдө коронавирус жугузуп алган эки бейтап бар. Дагы 40тай киши көзөмөлдө. Альфред үй-бүлөсү, кош бойлуу аялы менен да жолуга албайт. Арзышкандар күнүндө да ал жубайын ресторанда 3-4 метр алыстыкта гана куттуктай алган. Ошол себептен бул күндөрдүн тезирээк аякташын каалайт.

«Биз баатыр болгубуз келбейт. Мен жөн гана катардагы дарыгер болгум келет. Ушунун баары тезинен аякташын тилеп атам. Кадимкидей үй-бүлөм менен аралашып, мурдагыдай иштегим келет», - деди ал.

Гонконгдо жалпы 57 киши коронавирус жугузуп алган. Бир адам илдеттен улам көз жумган. Беш бейтаптын абалы оор экенин кабарланууда.

Кытайдан тышкары вирус жугузуп алган 500дөн ашуун киши катталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG