Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

“Электр станциялары” импортту төлөө үчүн 650 млн. сом насыя алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 19-октябрдагы жыйынында Министрлер кабинети менен “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактырды. Документ компанияга 650 млн. сом бюджеттик насыя берүү маселесин камтыйт.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев жыйында кабарлагандай, насыя электр энергиясын сырттан импорттоп келүү жана Бишкек менен Оштун жылуулук электр борборлоруна (ЖЭБ) отун сатып алуу үчүн керектелет. Ал “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан Кыргызстан “Электр станциялары” аркылуу чет өлкөлөрдөн электр сатып алып жатканын, компаниянын өзүндө каражат жоктугун белгиледи.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Буга байланыштуу жыл башынан бери Казакстан менен Өзбекстандан электр тогу импорттоло баштаган. Бишкек мындан сырткары Тажикстандан жана Түркмөнстан да электр кубатын алып жаткан, эми Орусиядан да сатып алуу маселесин караштырууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG