Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

ЕККУнун атайын бюросу парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт


Азизбек Мадмаров менен Полина Лемос баштаган топтун жолугушуусу. 19-октябрь, 2021-жыл.
Азизбек Мадмаров менен Полина Лемос баштаган топтун жолугушуусу. 19-октябрь, 2021-жыл.

19-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Европа коопсуздук келишими уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ЕККУ ДИАУБ) Жогорку Кеңештин шайлоосуна байкоо жүргүзүү боюнча миссиясынын башчысынын орун басары Полина Лемос менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мадмаров чакырууну кабыл алгандыгы үчүн уюмдун өкүлүнө ыраазычылык билдирип, алдыдагы шайлоону ачык өткөрүү аракеттери тууралуу маалымдады.

Мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык уюмдарды парламенттик шайлоого байкоо салууга чакырган. Чакыруу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетине, Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Европа коопсуздук келишими уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросуна (ЕККУ ДИАУБ), Ислам кызматташтык уюмуна, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине, Дүйнөлүк, Азия жана Европа шайлоо органдарынын биримдигине жөнөтүлгөн.

БШК бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз тапшырган 381 адамдын 80ин расмий талапкер катары каттаганын маалымдаган. Буга чейин арыз берген 23 саясий партиянын 21и документтерин берип жетишкен.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирип, 18-октябрга карата 21 партия катталган.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт. 29-октябрда үгүт иштери башталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG