Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:55

Атамбаевдин жокко чыккан өкүмү кайра жанданды


Алмазбек Атамбаев (солдо) жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга кескен райондук жана шаардык соттун өкүмүн кайра күчүнө киргизди.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин Жогорку сот Атамбаевге чыккан айыптоо өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароого жөнөткөн. Парламенттик шайлоону утурлай күчүнө кирген сот өкүмүн Атамбаевдин тарапташтары "саясий чечим" деп атоодо.

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга кескен сот өкүмдөрү кайрадан күчүнө кирди. Бир жыл мурда Атамбаевдин айыптоо өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген Жогорку сот бул ирет жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

“Жогорку соттун 2021-жылдын 12-октябрындагы токтому менен Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевге карата козголгон кылмыш иштин жаңы ачылган жагдайлары боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылган. Жогорку соттун 2020-жылдын 30-ноябрындагы токтому жокко чыгарылып, иш кассациялык тартипте жаңы кароого жөнөтүлгөн”, - деди Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева.

Эмне болгон жаңы жагдай?

Жогорку сот чечимин кайра кароого негиз болгон жаңы жагдайлар тууралуу айтуудан баш тартты.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы августта “Батукаев иши” боюнча камалып, 2020-жылы райондук жана шаардык сот 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин Атамбаевдин адвокаттары Жогорку сотко "Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган" деп арызданышкан. Мекеме адвокаттардын арызын канааттандырып, ишти кайра кароого жиберген.

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин билдиришинче, бул жолу Башкы прокуратура жаңы ачылган жагдай катары "Атамбаев акыркы сөз алуудан өзү баш тарткан" деген негиз келтирген. Жоошев прокуратура мындай пикирин былтыр 30-ноябрдагы сот отурумунда дагы билдиргенин, Жогорку сот прокуратуранын жүйөсүн негизсиз деп таап, өкүмдү жокко чыгарганын айтууда.

Атамбаевдин адвокаты Жогорку соттун чечимин парламенттик шайлоо жана жакында күчүнө кирчү Жазык кодекси менен байланыштырды.

Замир Жоошев
Замир Жоошев

“12-октябрда Жогорку сот өзүнүн токтомун жокко чыгарды. Биринчиден, бул Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоого катыштырбоо аракети. Экинчиден, 1-ноябрда жаңы Жазык кодекси күчүнө киргени жатат. Ага ылайык айыпталуучу тергөө абагында бир жылдан ашык жатпашы керек. Атамбаев болсо Батукаев иши боюнча эки жылдан бери тергөө абагында жатат. Жаңы кодекс ишке киргенден кийин Атамбаев тез арада абактан чыгыш керек болчу. Ошого жол бербөө максатында өкүмдү реанимация кылышты”.

Бир жылдан бери райондук сотто кайра кароодо жаткан иш парламенттик шайлоону утурлай жаңы өңүт алды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 27-сентябрда “Кой-Таш иши” боюнча соттук процесске катышып жатып парламенттик шайлоого барууну ойлонуп жатканын билдирген. Башкы прокуратуранын жаңы ачылган жагдайлардын негизинде Жогорку сотко 2020-жылы 30-ноябрдагы чечимин жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчү Атамбаевдин шайлоо тууралуу айткан сөзүнөн кийинки учурга дал келди.

13-октябрда Социал-демократтар партиясынын парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин бекиткен курултайы белгиленген. Жогорку соттун чечими бир күн мурда, 12-октябрда чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Жогорку соттун чечимин парламенттик шайлоо менен байланыштырды.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“Мурдагы бийлик Атамбаевден корксо, азыркы бийлик дагы андан корко турганына сот чечими далил боло алды. Атамбаев шайлоого аттанып кетпесин деп, 13-октябрдагы биздин курултайды утурлай 12-октябрда Жогорку сот карап, мурдагы чечимин кайра жокко чыгарып, өзүнүн көзүн өзү ойду. Атамбаев шайлоого барып калбасын, башыбызды чакпасын деп мыйзамсыз чечим чыгарды. Мындай көрүнүш дүйнөдө жок. Эми азыркы бийликте отургандарды актаган сот чечимдери дагы жокко чыгабы? Ошондой кылууга жол ачылды да”.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин учурда бийликте отурган президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин иштери дагы кайра кароого жиберилип, акталган.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев ушул ишке байланыштуу Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Атамбаевди кармоо операциясы кандуу “Кой-Таш окуясы” менен аяктап, бир офицер окко учуп, ондогон адам жаракат алган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда камалып, кийин абактан чыккан экс-депутат Кубанычбек Кадыров “Батукаев иши” кыргыз мамлекетинин кадырына көлөкө түшүргөнүн, андыктан ал ишке тиешеси бар адамдардын бардыгы жооп бериш керек экенин айтты:

“Атамбаев командасы менен кыргыз элин дүйнөгө басынтып кетти. Мен бул ишти эң чоң саясий ката болгон деп эсептейм. "Батукаев иши” боюнча жалгыз Атамбаев эмес, бардыгы жооп бериши керек. Сот Атамбаевди күнөөлүү деп тапса, мен колдойм. Кыргыз боорукер эл, түрмөдө жатса боору ооругандар чыгат экен. Бирок мыйзам алдында баары жооп берүүгө тийиш”.

Башка иштер

Алмазбек Атамбаевге "Батукаев ишинен" тышкары дагы бир канча кылмыш иши козголгон. Алар Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алуу боюнча иштер. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Атамбаевге жаңы кылмыш иштери козголду. Ички иштер министрлиги 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча ага кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырып, 10 түркиялык адамга кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбын да угузду.

Атамбаев октябрь окуяларынан кийин президент Садыр Жапаровдун саясатын колдогон билдирүү тараткан. Быйыл Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда бийлик октябрь окуясына кош стандарт мамиле жасап жатканын сынга алган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда камалып, бийлик алмашкан соң абактан чыккан дагы бир саясатчы Бектур Асанов ачык сот өткөрүү керек деген көз карашта.

“Жогорку соттун чечимин өзү жокко чыгарганы саясий чечим, шайлоого байланыштуу. Бирок “Батукаев иши” боюнча сот ачык өтүп, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек. Мисалы, мен Жогорку соттун чечимине макул эмесмин. Биринчи инстанцияга барып, кайра тергелип анан чечим чыгыш керек эле. Сот чечимине эл ынангыдай болуш керек. Ачык сот өткөрүп, күнөөсүн коюп берүү татаалбы?”.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал учурда Бишкектеги №47 колонияда отурат.

“Батукаев иши” боюнча Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен жалпысынан 19 адамга айып тагылган. Алардын төртөөнө өкүм чыккан. Ал эми 14 киши тергөө менен кызматташууга макул болгон, бирок айрымдары кийин андан баш тарткан.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG