Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

УКМК Туйгунаалы Абдраимовду мыйзамсыз баюуга айыптады


Туйгунаалы Абдраимов
Туйгунаалы Абдраимов

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) саясатчы Туйгунаалы Абдраимовго карата “Мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганын билдирди. 20-сентябрда Абдраимовдун үйүн, кеңсесин тинтип, өзүн сегиз саат суракка алган атайын кызмат саясатчыга таандык деген мүлктөрдүн узун тизмесин жарыялады. Туйгунаалы Абдраимов бүгүн, 21-сентябрда атайын кызматтын айыптоосун четке какты.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Туйгунаалы Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы айтылат. Андан тышкары бир катар коммерциялык банктарга финансылык инвестицияларды салганы аныкталган.

“Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Туйгунаалы Абдраимов жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, эки унаа токтотуучу жай, беш турак жай, үч дыйкан чарба, 16 автоунаа, “Ысык-Ата” курортунун аймагында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган. Белгилей кетсек, аталган жаран жана анын жакын туугандарынын кирешеси жок учурда дагы кескин көбөйүп, жалпы байлыгы 200 млн. сомго бааланган”, - деди УКМКнын басма сөз катчысы Назгүл Кыдыралиева.

Төрт президент менен иштешкен Абдраимов

63 жаштагы Туйгунаалы Абдраимов кыргыз саясатындагы эски фигуралардын бири. Эмгек жолун кесиби боюнча медицина тармагында баштап, 1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. 1996-1998-жылы саламаттык сактоо министринин орун басары, 1998-2001-жылдары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы, 2002-2005-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, 2005-2006-жылдары Боршайкомдун төрагасы, 2007-2008-жылы саламаттык сактоо министри, 2008-2010-жылдары Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси, 2011-2016-жылдар аралыгында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, 2018-2019-жылдары Чүй облусунун администрация башчысы болуп иштеген.

Мындан тышкары Абдраимов 2000-жылдардан бери жеке ишкерлик менен алектенип, ооруканаларды медициналык жабдуу менен камсыздаган “Дентал системс” деген ишкананы жана 2010-жылдан кийин "Кайнар" заводун башкарган.

Досторунан бекер алган акция

Туйгунаалы Абдраимов 21-сентябрда тараткан билдирүүсүндө атайын кызмат элге жалган маалымат таратып, коомдук пикирди манипуляция кылып жатат деп айыптады.

“Геббельс айткандай, калп канчалык коркунучтуу болсо, эл ошончолук ишенет. Мен өзүм мынча байлык каяктан деп таң калдым. Ооба, менин 39, 34 жана 31 жаштагы уулдарым бар. Алар элиталык эмес, кадимки батирлерде жашайт, кымбат эмес унааларды минет. Жөнөкөй экенин Бишкектин жарымы тааныйт”.

Абдраимов атайын кызмат тараткан маалыматтагы айдоо жерлер 90-жылдары анын үй-бүлөсүнө тийген үлүш жерлер экенин билдирди. Аялынын наамында бир батир, Көк-Жар айылында чоң эмес үй, өзүнүн наамында конок үй, сарай, мал-жаны бар экенин айтат. Андан тышкары Ысык-Ата курортунда реабилитациялык борбор куруп жатканын, банктан 400 миң доллар насыя алганын, тастыктоочу документтери бар экенин билдирген.

Саясатчынын айтуусунда, Чүйдүн Ивановка айылындагы “Кайнар” заводунун акцияларын 2000-жылдары Орусия, АКШга кеткен досторунан бекер, белекке алган.

Абдраимовдун эски партиялашы, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кылмыш иши саясий негизде козголду деп эсептейт.

“Мен Абдраимовду жакшы билген адам катары УКМК тараткан маалыматка түшүнгөн жокмун. Мен билгенден тээ илгертеден мал чарбачылыгы менен алектенип, колунда бар болчу. Мурдагы президенттин бардыгы Туюк деген жайлоосуна барып эс алып, мончосуна түшүп келген. Мындай нерсени соттун чечими жок жазбаш керек эле. Аныктап, тактабай туруп эле мүлкүн тизмектөө саясий каралоо болуп калды. Шайлоонун астында беделин түшүрүп, элге жек көрсөтүү үчүн жасалган каралоо болуп жатпайбы”.

Чүйдүн “бапайы”

Туйгунаалы Абдраимов кыргыз саясатындагы талаштуу фигуралардын бири.

Орозбек Муратов
Орозбек Муратов

Жарандык активист Орозбек Муратов мамлекеттик кызматтарда иштеп келген Абдраимов байлыкты кайдан тапканын далилдеп бериш керек деген ойдо.

Муратов аны регионалдык факторго басым жасаган саясатчы катары сыпаттады.

“Туйгунаалы Абдраимов ушунча жыл мамлекетте иштеп жүрүп, мынча байлыкты каяктан топтоду деген суроо туулат. Ал киши дайыма интриганын чордонунда жүрөт, жакшы пикир айткан адам аз. Дайыма регионалдык факторго басым жасап, өзүн бир аймактын лидери катары көргөзүп, ошол фактор менен саясат жүргүзгөнгө аракет кылат. 17-сентябрда Атамбаевди бошотуу талабы менен митинг өткөрөбүз деп чыкты, мындай жолдор менен Чүйдүн элин көтөрөм деген туура эмес”.

Туйгунаалы Абдраимов бир ай мурун жергиликтүү гезиттердин бирине камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 17-сентябрдагы туулган күнүнөн баштап аны бошотуу талабы менен тынчтык митингдерин өткөрө турганы тууралуу интервью берген.

Бирок кийин уюштуруу комитети 17-сентябрга белгиленген “Форум” ишканасынын алдындагы митинг болбой турганын кабарлаган.

Анткен менен 15-сентябрда Ички иштер министрлиги маданият кызматкерлеринин 17-сентябрда өтөт делген митинг тууралуу президентке жазган катынын негизинде Туйгунаалы Абдраимов баштаган бир топ саясатчыларды суракка алган.

Cаясат талдоочу Бакыт Бакетаев оор экономикалык кырдаалдан пайдаланып, шайлоонун арты менен өлкөдө дестабилизация кыла турган күчтөр болгондуктан бийлик алдын алып жатат дейт.

"Өлкөдө социалдык-экономикалык абал оор бойдон калууда. Бирок бийлик колунан келгенин жасап жатат. Ушундай шартта бийликке өтүп жаткан шайлоонун арты менен тополоң болуп кетерин былтыр көрбөдүкпү. Бийлик ошондой иштердин алдын алып жатат. Өлкөдө дестабилизация кыла турган адамдарды суракка чакырып жатат окшойт".

Саясий серепчи Айданбек Акматов коррупция менен күрөштү, мыйзамсыз байыган чиновниктерди аныктоону колдой турганын, бирок бул күрөш саясий куралга айланбаш керек деген пикирде.

“Албетте бизде коррупцияга каршы күрөш болуш керек. Бирок ал кандай болуп жатат? Кээ бирөөлөрдүн тууган-уругунун мүлкүн жазып, мыйзамсыз байыган деп чыгып жаткан жокпу? Соттун чечими чыкканча мындай тастыктала элек нерсени таратпаш керек. Мүмкүн ал ишкерлик менен алектенгендир, аялы же баласы бизнес кылгандыр. Ошондуктан саясатчыга кылмыш иши козголуп жатканда саясий боёк жокпу деген шек жаратпаш керек”.

Туйгунаалы Абдраимов коомчулуктун оозуна негизи Борбордук шайлоо комиссиясын алгач жетектеген 2005-2006-жылдары илинген. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин президенттик шайлоо маалында Урмат Барыктабасовду Казакстандын жараны деген жүйө менен талапкер кылып каттабай койгон. Бул нааразылык акциялар менен коштолгон.

Бир жылдан кийин кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болуп өлгөн бир тууган иниси Тынычбек Акматбаевдин ордуна Балыкчы округунан депутат болуп шайланганда мандат бербей койгон.

2007-жылы саясий үзөңгүлөшү Алмазбек Атамбаев премьер-министр болгондо саламаттык сактоо министри болуп жети ай иштеген. Атамбаевдин өкмөтү отставкага кеткенден кийин, 2008-жылы Бакиевдердин тушунда Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалган.

2011-жылы апрель революциясынан кийин Феликс Кулов жетектеген “Ар-Намыс” партиясы аркылуу БШКнын төрагасы болуп шайланган.

Абдраимов өзү Атамбаевдин президенттиги тушунда ал менен мамилеси жакшы болбогонун айтып келет.

2017-жылы президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун тушунда Чүй облусун бир жыл жетектеп, журналист кызды келекелеген окуядан кийин кызматтан кеткен.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Республика” партиясынын тизмеси менен барып, 5-октябрдагы нааразылык акцияларына чыккан. 9-октябрда Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов менен бирге “Форум” ишканасынын имаратынын алдындагы, андан соң Ала-Тоо аянтындагы митингге катышкан.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG