Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Абдраимов: Кабарчыдан кыз катары кечирим суроого даярмын


Туйгунаалы Абдраимов
Туйгунаалы Абдраимов

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов "Азаттыкка" маек курду.

Туйгуналы Абдраимов Чүй облусундагы Жаңы-Жер жана Орок айылындагы кырдаал, журналистке кылган орой мамилеси, шайлоо системасы жана учурдагы иштери тууралуу "Азаттыктын" "Эки-бир" берүүсүндө айтып берди.

Абдраимов маек учурунда убагында учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жараштырууга аракет кылганын айтты. КСДПнын азыркы абалына жана лидерлерине баа берди.

Жашоо-турмушуна нааразы болгон адамдарды Индияга саякатка алып барып, чыныгы кедейлик кандай болорун көргөзгүсү келерин билдирди.

Материалдык жактан бай болбосо да, руханий жактан бай адам экенин белгиледи.

Кабарчы кызга "түрүң жакпай калды" деп айтканы үчүн андан кыргыздын кызы катары кечирим суроого даяр экенин, мындан ары журналисттерди көргөндө кача турганын кошумчалады.

“Мен таптакыр эле маек бербей эле коеюн деп чечтим. Билсеңер, мен башынан эле интервью бергенден, телевизорго чыгыштан качам. Коомдук саясатчы болгум келбейт, мен тынч эле эл үчүн иштегим келет. Эми микрофонду көргөндө, токтобой качайын деп атам”.

​Сокулуктун чыр-чыккан Жаңы-Жер жана Төмөнкү Орок айылдарындагы кырдаал тууралуу комментарий берип жатып, абал тынчый электигин билдирди.

“Абал чынында жакшы эмес. Мурдагүнү, кечээ түнү менен жүрүп кармалган кыргыз балдарды чыгардык. Бүгүн кармалган күрд балдардын 14 жаштагысын чыгарып койсо, ага Ороктогу жаштар нааразы болуп чогулуп жатышат. Мен азыр силерден чыгып алып дагы Орокко барам. Андан тышкары Жаңы-Жерде да мушташ болуп кетти, билесиңер. Негизи коомдо кандайдыр бир чыңалуу бар. Орокто эмне үчүн бар? Анткени ошол жердеги эки-үч бала көптөн бери мыйзам бузууга барып, анча-мынча кишилерди уруп жүргөн экен. Жергиликтүү аялдар “ал балдарды милиция такай кое берип жиберет” деп даттанышты. Милициянын башчысын чакырсам, “таяк жегендер өздөрү жазган арыздарын кайтарып алышат, ошентсе анан иш токтойт да”, - деди. Ошондуктан, чынында бул абал токтогон жок. Чыңалуу дагы деле бар”, - деди.

Муну менен катар ал мушташты “улут аралык чыр" деп атоо туура эместигин” белгиледи.

Журналисттердин “мындай чырлардын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик эмне кылып жатат?” деген суроосуна Туйгунаалы Абдраимов “тараптарды чай үстүнө чакырып, ынтымакка чакыруу, достоштуруу аракеттери дайым жүргүзүлүп келет” деп жооп берди.

(Маекти толугу менен бул жерден көрө аласыз)

Туйгунаалы Абдраимов: Кызматтан кетпейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:07 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG