Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

УКМК Абдраимовдун мыйзамсыз баюу иши боюнча маалымат берди


УКМК тараткан сүрөттөр.
УКМК тараткан сүрөттөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталганын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы айтылат. Бир катар коммерциялык банктарга финансылык инвестицияларды салганы аныкталганы кабарланды.

“Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, "А.Т.Д." жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, эки унаа токтотуучу жай, беш турак жай, үч дыйкан чарба, 16 автоунаа, “Ысык-Ата” курортунун аймагында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган”, - деп айтылат анда.

Туйгунаалы Абдраимовдун жана анын жакын туугандарынын активдери киреше жок болгон учурда да көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык деп бааланган.

Атайын кызмат ишти “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен каттап, бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Туйгунаалы Абдраимов 20-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында сегиз саатка жакын суракта болуп чыкты.

Ал өзүнө коюлган айыптарга комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG