Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгын Мирбек Расулов жетектейт


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Мирбек Расулов Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Быйыл май айында күчүнө кирген Конституцияга ылайык, Башкы прокуратурага кылмыш иштерин тергөө функциясы кайра берилген.

Мирбек Расуловдун ысымы алгач Аксы окуясын иликтөө боюнча тергөө тобун жетектегенде чыккан. Кийин президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти тергеген. Андан тышкары мурунку депутаттар Урмат Аманбаеванын, Карганбек Самаковдун, мурунку өкмөт башчы Игорь Чудиновдун кылмыш иштерин караган.

Ал 2005-2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки чуулгандуу иштерди иликтеген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG