Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Чүйдө адам уурдоого шек саналгандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө адам уурдоого шек саналган үч киши кармалды. Облустук милициядан кабарлашкандай, 17-сентябрда Чүй районунун Искра айылынын 31 жаштагы тургунун бейтааныш кишилер күч колдонуп уурдашкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши уурдоо) менен катталды.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, ошол эле күнү үч киши кармашкан.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, алар уурдалган кишиден 100 миң сом талап кылышкан. Кармалгандар камакка алынды. Уурдалган адамдын абалы жөнүндө азырынча маалымат бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG