Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Туйгунаалы Абдраимов УКМК бөлүмүндө сегиз саат суракта болгонун жакындары билдирди


Туйгунаалы Абдраимов.
Туйгунаалы Абдраимов.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бүгүн 20-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында сегиз саатка жакын суракта болуп чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна уулу Элмурат Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, “мыйзамсыз баюу” деген негизде сотко чейинки териштирүү уланып жатканы маалымдалды.

Элмурат Абдраимов атасынын үйүндө жана кеңсесинде тинтүү болгонун мурдараак билдирген.

УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

15-сентябрда Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигинде (ИИМ) да суракта болгон. Ал маданият ишмерлеринин президентке митингдерди токтотуу тууралуу кайрылуусу деген кат боюнча сурак берип чыкканын журналисттерге айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG