Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Евробиримдик менен Польша Страсбургда бири-бирин сындады


Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Европарламентте сүйлөп жатат. 19-октябрь, 2021-жыл.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Европарламентте сүйлөп жатат. 19-октябрь, 2021-жыл.

19-октябрда Европарламенттин Страсбургдагы жыйынында Евробиримдиктин менен Польшанын расмий жетекчилеринин ортосунда мыйзам үстөмдүгүнө байланыштуу кайчы пикирлер жаралды. Буга октябрь айынын башында Польшанын Конституциялык сотунун Евробиримдик менен келишимдердин айрым шарттарын четке каккан чечими себеп болду.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен соттун өкүмүн Евробиримдиктеги ынтымакка доо кетирген маселе катары мүнөздөдү. Ал расмий Брюссел Варшаванын Евробиримдиктин баалуулуктарына шек келтиришине каршы чара көрөрүн айтты. Ал үчүн соттун чечимине каршы арыз жолдонушу мүмкүндүгүн, Польшага бериле турган жардамдар жана өлкөнүн уюмдагы айрым укуктары чектелиши ыктымал экенин айтты.

Конституциялык сот караган маселенин демилгечиси, Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки европалык саясатчылардын Варшаваны "шантаж кылышына жол бербей турганын" билдирди. Ал Польша Европа Биримдиги менен келишимдерге баш ийерин айтып, өлкө уюмдан чыкпай турганын белгиледи.

Буга чейин поляк оппозициясы Конституциялык соттун чечими Польшанын Евробиримдиктин курамынан чыгышына жол ачарын айтышкан. Буга кабатырланган миңдеген поляктар өткөн жекшемби күнү Польшанын бир катар аймактарында акцияга чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG