Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

ЭВФ: Быйыл ооган экономикасы 30 пайызга төмөндөйт


Кабул шаары, 18-октябрь 2021-жыл.
Кабул шаары, 18-октябрь 2021-жыл.

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) прогнозу боюнча быйыл Ооганстандын экономикасы 30 пайызга төмөндөйт. Бул тууралуу фонддун 19-октябрда жарыяланган Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча регионалдык экономикалык баяндамасында айтылат.

Ага ылайык, ооган экономикасынын төмөндөшү миллиондогон адамдарды жакырчылыкка кириптер кылып, качкындардын санын көбөйтүшү мүмкүн. Анын кесепети коңшу өлкөлөргө, Түркияга жана Европага да тийиши ыктымал.

Фондун эсеби боюнча, эгер 1 миллион оогандык качкынга айланса, аларды кабыл алган Тажикстан жылына 100 миллион доллар, Иран 300 миллион доллар, Пакистан 500 миллион доллар чыгымга учурайт.

Ошондой эле Ооганстанга экспорттун азайышы бул өлкөгө товар саткан Иран, Пакистан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы айрым тармактарга таасирин тийгизиши мүмкүн.

ЭВФ баяндамасында айтылгандай, "Талибан" кыймылынынын Ооганстанда бийлигин орнотушу менен коштолгон август айындагы окуялардан улам өлкөнүн импорту азайган, улуттук валютанын куну кетип, инфляция күчөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG