Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Бишкекте жыл башынан бери сасык тумоонун 52 миңдей учуру катталды


Бишкектеги бейтапканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги бейтапканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында жыл башынан бери жарандардын курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциясына (ОРВИ) кабылган 52 миң 86 учур катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Бишкек башкармалыгынын дарыгер-эпидемиологу Азамат Жумгалбеков 19-октябрда атайын басма сөз жыйынында кабарлады.

Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 21% көп. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде борбордо сасык тумоо менен ооруган 42 миң 19 учур катталган эле.

Быйылкы ооругандардын 32 миңдейи 14 жашка чейинки балдардын арасында катталса, 17 миңдейи 18 жаштан жогоркулар. Калганы ушул ортолуктагы өспүрүмдөргө туура келет.

Акыркы убакта Бишкек шаарында чүчкүргөн, жөтөлгөн жана сасык тумоонун башка белгилерине кабылгандар арбып баратканы айтылган. Мындан улам бейтапканаларда кезектер узарып кеткени айтылып, балдарын бейтапканага алып келген ата-энелердин видеолору интернетте байма-бай жарыяланып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG