Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Таласта киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" жеке булактар маалымдады. Ага ылайык, маркумдун сабалганы жана ок атуучу курал менен атылганы белгилүү болгон. Облустук милиция бул факт боюнча комментарий бере элек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл кылмыштуулуктун деңгээли былтыркыга салыштырганда бир катар көрсөткүчтөр боюнча кыйла жогорулады.

Мекеме Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жазгандай, январь-июнь айларында жалпысынан өлкө аймагында 23,5 миң кылмыш, 12 миң жорук катталды, алардын көбү Бишкекте жана Чүй аймагында жасалган. Былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда кылмыштар 1,5 эсе, жоруктар 30% көбөйдү. Адам өлтүрүү 26%, зордуктоо фактылары 34% көп катталды.

Быйыл аталган кодекстер кайра өзгөртүлдү. Айрым көз карандысыз эксперттер, юристтер жаңы кодекстер мурдагы репрессиялык ыкмаларга, адам укугун тебелөөгө жол ачарын айтып жатышат. Башкы прокуратура мындай дооматтарды четке кагууда. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG