Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Талиб өкмөтүнүн ички иштер министри Хаккани жанкечтилерди кубаттады


Сиражуддин Хаккани (жүзү жабылган) Кабулдагы жыйында, 19-октябрь 2021-жыл.
Сиражуддин Хаккани (жүзү жабылган) Кабулдагы жыйында, 19-октябрь 2021-жыл.

"Талибан" түзгөн ооган өкмөтүнүн ички иштер министри, "дүйнөдө эң катуу изделген террорчу" деп мүнөздөлгөн Сиражуддин Хаккани жанкечти чабуулдарын уюштургандарды кубаттап, алардын жакындарына акча жана жер убада кылды. Ал чуулгандуу ишмердиги менен таанымал "Хаккани" түйүнүн жетектейт. АКШ анын башына 10 миллион доллар сайган.

Талиб өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хости билдиргендей, 18-октябрда Сиражуддин Хаккани Кабулдагы "Интерконтиненталь" мейманканасында "шейит кетти" деген бир нече адамдын жакын туугандары менен жолуккан.

"Хаккани жихадды жана шейиттердин курмандыкка барганын кубаттады", - деп билдирди Ооганстандын мамлекеттик RТА телеканалы. Анын маалыматына ылайык, Хаккани жанкечтиликке барган адамдардын үй-бүлөлөрүнүн ар бирине 125 доллар жана жер тилкесин убада кылган.

"Твиттерге" жарыяланган сүрөттөрдөн Хаккани куран окутууга катышып, андагы айрым адамдарды кучактап, көңүл айтып жатканын көрүүгө болот. Айрым сүрөттөрдө анын жүзү атайын монтаждалып жабылса, кайсы бир сүрөттөр Хакканинин артынан тартылган.

"Талибан" кыймылы менен байланышы бар "Хаккани" түйүнү Ооганстандагы АКШ баштаган күчтөрдү жана август айында кулаган ооган өкмөтүн бутага алган кандуу чабуулдарды уюштурган. Ооганстандагы 20 жылдык согушта миңдеген оогандыктар жанкечти жардырууларында мерт болду.

2018-жылы Хаккани жыйын уюштурган "Интерконтиненталь" мейманканасына талиб жоочулары чабуул коюп, андан 40 кишинин, анын ичинде 14 чет өлкөлүктүн өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG