Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Остин: АКШ Украинага колдоо көрсөтүүнү улантат


Пентагондун башчысы Ллойд Остин (оңдо) жана Украинанын коргоо министри Андрей Таран, 19-октябрь 2021-жыл.
Пентагондун башчысы Ллойд Остин (оңдо) жана Украинанын коргоо министри Андрей Таран, 19-октябрь 2021-жыл.

АКШ Украинанын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү аракеттерине көмөктөшүүнү улантат. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 19-октябрда Киевде украин кесиптеши Андрей Таран менен биргелешкен маалымат жыйынында айтты.

"Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө карата АКШнын колдоосу бекем. Биз кайрадан Орусияны Крымдагы оккупациясын, Украинанын чыгышындагы согушту козутуу аракетин жана Кара деңиздеги дестабилдештирүүчү ишмердигин токтотууга чакырабыз", - деди Остин.

Пантагондун башчысынын Киевге сапары Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен Орусия колдогон жикчилдердин Донбасстагы кармашы дагы деле уланып учурга туура келди. 2014-жылдын апрель айынан бери Украинанын чыгышындагы бул куралдуу уруштан 13 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

АКШнын коргоо министри бул согушту Орусия баштаганын, ал Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу аракеттерине тоскоол болуп жатканын кошумчалады. Москва бул жаңжалга байланышты Батыштын айыптоолорун четке кагып келет.

Остин Украинага сапарынын алдында Тбилисиге барып, Вашингтон Грузиянын куралдуу күчтөрүн колдоону улантаарын айткан. Ал Грузия менен Украинадан кийин Румынияда да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң 21-22-октябрда НАТОнун коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынына катышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG