Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

Дарыгерлер абактагы Саакашвилини ооруканага жаткырууну сунушташууда


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Грузиянын Рустав абагында 19 күндөн бери ачкачылык жарыялап жаткан мурдагы президент Михаил Саакашвилинин абалы менен дарыгерлердин тобу таанышып чыкты. Алар түрмөнүн администрациясына мурдагы президентти ооруканага жаткырууну сунушташты.

Бул тууралуу дарыгерлердин бири Зураб Пагава "Интерфакс" агенттигине билдирген.

"Медуза" басылмасы Саакашвилини абактан ооруканага которуу чечимин Грузиянын Юстиция жана саламаттык сактоо министри, жергиликтүү депутаттар чечерин, эң башкысы - ооруканага барууга Саакашвилинин макулдугу керектигин жазды.

Михаил Саакашвили Грузияга 1-октябрда кайтып келген. Грузин күч кызматтары аны "чек араны мыйзамсыз бузду" деген айып менен кармап, камаган. Саакашвили нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG